Редакцияот 13.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭҢИЛЧЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН

ТОКТОМ

Эңилчек айылдык аймагынын айылдык кеӊешинин XVIII чакырылышы кезексиз сессиясы

 

2023-жылдын 13-сентябрындагы № 15

 

Эӊилчек айылдык аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү жааматтардын курултайынын иш чаралардын календардык планын, уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы ПЖ №215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын аткарууда Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин чечими менен бекитилген Элдик Курултайды өткөрүүнүн иш-чаралардын календардык планын жана жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча тиешелүү аймакты бөлүктөргө бөлүү ченеми боюнча түшүндүрмөнү ишке пайдаланууга алып, Эӊилчек айылдык кеӊеши токтом кылат:

 

1. Эӊилчек айылдык аймагында Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Элдик курултайы 2023-жылдын 18-ноябрында саат 10-00дө Эӊилчек айылынын клубунда өткөрүлсүн.

2. Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү жааматтардын жыйындары 2023-жылдын 25-26-октябрына өткөрүлсүн.

3. Эӊилчек айылдык аймагында Элдик курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча төмөндөгүдөй курамда жумушчу топ түзүлсүн:

1.     Исмаилова Айнура Усуповна - Эӊилчек айылдык кеӊешинин төрагасы;

2.     Орозобаева Оӊолкан Казаковна - Эӊилчек айылдык кеӊешинин депутаты;

3.     Кыдыкеев Элдияр Бектемирович - Эӊилчек айылынын тургуну;

4.     Алапаев Эрнис Мелисович - Эӊилчек айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;

5.     Асыпаев Толубай Курманбекович – Эӊилчек айыл өкмөтүнүн башкы адиси.

4. Токтомдун аткарылышы түзүлгөн жумушчу топко жүктөлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

А.У. Исмаилова