Загрузка документа…
ЭҢИЛЧЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМ
2023-жылдын 10-октябры № 16
Эӊилчек айылдык аймагын өзүнчө айылдык аймак катары калтыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын негизинде Эӊилчек айылдык аймагынын айылдык кеӊеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы №350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Эӊилчек айылдык аймагынын Кыдыр-Аке же болбосо Хан-Теӊири айылдык аймактардын бирөөсүнө кошулуу сунушу четке кагылсын.
2. Эӊилчек айылдык аймагынын айылдары “Өзгөчө статусу” бар, бийик тоолуу, алыскы, чек ара аймактарынын катарында тургандыгын эске алуу менен жана элдик жыйындардын каршылыгын белгилеп, Эӊилчек айылдык аймагы өзүнчө айылдык аймак болуп калтырылсын.
3. Бул чечим жогорку инстанцияларга жеткирилсин.
4. Токтом Мыйзам чегинде каттоодон өткөрүлүп, юстиция башкармалыгына көчүрмөсү жиберилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | А.У. Исмаилова |