КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 15-ноябры № 600
Өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке укугун тескөө келишимин каттоонун эрежелерин бекитүү жөнүндө
"Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин экинчи абзацына, "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине, 54-беренесинин 7-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке укугун тескөө келишимин каттоонун эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-октябрындагы № 519 "Өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке коргоо документин өткөрүп берүү жөнүндө келишимди, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, өнөр жай менчик объектисине өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимди жана технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун эрежелерин бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |