ЭҢИЛЧЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМ
Эңилчек айылдык аймагынын айылдык кеӊешинин XVIII чакырылышы 12 сессиясы
2023-жылдын 24-ноябрындагы № 18
Эӊилчек айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу аскердик казарма, поликлиника жана ашкана муниципалдык имараттарынын бузулган бөлүктөрүнүн курулушка жараган шифер, жыгач курулуш материалдарын жана жараксыз болуп калган жыгач курулуш материалдарын бөлүштүрүү жөнүндө
Эӊилчек айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу аскердик казарма, поликлиника жана ашкана муниципалдык имараттарынын бузулган бөлүктөрүнүӊ курулушка жараган шифер, жыгач курулуш материалдары жана жараксыз болуп калган жыгач курулуш материалдарын бөлүштүрүү максатында, Эӊилчек айылдык кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эӊилчек айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу аскердик казарма, поликлиника жана ашкана муниципалдык имаратынын бузулган бөлүктөрүнүн курулушка жараган шифер жана жыгач курулуш материалдары Эӊилчек айылынын Кыдыр-Аке көчөсүндөгү № 1 муниципалдык үйүнүн 1 батиринин жана аскердик казарманын оӊдолуп жаткан бөлүгүнүн чатырларын жабууга керектелсин жана аз камсыз үй-бүлөлөрүнө үйлөрүнүӊ чатырларын оӊдоп түзөөгө берилсин;
2. Эӊилчек айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу аскердик казарма, поликлиника жана ашкана муниципалдык имаратынын бузулган бөлүктөрүнүн жараксыз болуп калган жыгач курулуш материалдары от тамызгыга төмөндөгүлөргө бөлүштүрүлүп берилсин: Эӊилчек башталгыч мектебине, Эӊилчек айылынын ФАПына жана Эӊилчек айылындагы майыптардын жана аз камсыз үй-бүлөлөрүнө;
3. Эӊилчек айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу аскердик казарма, поликлиника жана ашкана муниципалдык имараттарынын бузулган бөлүктөрүнүн курулушка жараган шифер жана жыгач курулуш материалдарын жана жараксыз болуп калган жыгач курулуш материалдарын бөлүштүрүү жагы “Социалдык маселелерди карай турган” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн;
4. Токтомдун аткарылышы “Социалдык маселелерди карай турган” туруктуу комиссиянын төрагасы У.С. Асанбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.У. Исмаилова |