Загрузка документа…
ЭҢИЛЧЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМ
2023-жылдын 24-ноябрындагы № 18
Эӊилчек айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн аппаратынын муниципалдык менчик жана кирешелер боюнча адиси Н.Т. Кубатовдун арызы каралып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын негизинде Эӊилчек айылдык аймагын айылдык кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эӊилчек айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн аппаратынын муниципалдык менчик жана кирешелер боюнча адиси Н.Т. Кубатовго материалдык жардам көрсөтүү максатында Эӊилчек айылдык аймагынын жергиликтүү бюджеттин “Социалдык коргоо” бөлүгүнүн эсебинен 25,0 миӊ сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы Эӊилчек айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А. Усубакуновго жүктөлсүн.
Төрага | А.У. Исмаилова |