КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы
2023-жылдын 6-сентябры № 9
“Афлатун” участкасынан элдерге жер ижара берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 05.09.2023-жылдагы №01-19/917 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Чакмак-Суу айылында жайгашкан “Афлатун” участкасынан 400 гектар айыл чарба багытындагы айдоо жерлерин жергиликтүү тургундарга кайрадан айыл чарба багытында ижарага берип , сугат айдоо кылып иштетүүгө уруксат берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 05.09.2023-жылдагы №01-19/917 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. “Афлатун” участкасынан 400 гектар айыл чарба багытындагы айдоо жерлерин жергиликтүү тургундарга кайрадан ижарага берип , сугат айдоо кылып иштетүүгө уруксат берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал районду мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго тапшырылсын.
Төрага | М.Ш. Аликеев |