ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаргылчак айылдык кеңеши ХХVIII чакырылышынын 16 сессиясы
2023-жылдын 24-апрелиндеги № 21
“Аймактын жашоочуларын сыйлоо жөнүндө”
Жаргылчак айыл өкмөтүнүн мал чарба жана ветеринария кызматынын адиси Туратбек уулу Нурландын сунушун жана Жеңиш айыл башчысы Ишен уулу Мирландын кайрылуу катын карап чыгып, Жаргылчак айыл аймагынын төмөндөгү жарандарын 30-апрель КР Ветеринария кызматынын кызматкерлеринин күнүнө карата ыраазычылык билдирүү жана Жеңиш айылында жаңы салынган “Нур” мечитинин ачылышынын аземине карата Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 16- сессиясы токтом кылат:
1. Жаргылчак айыл аймагынын социалдык-экономикалык өсүп-өнүгүүсүнө кошкон зор салымы, коомдук иштерге активдүү катышып кайрымдуулук иштерди уюштуруп келгендиктери жана аймакта мал чарба адистигинде калкты тейлөөдө элге кылган үзүрлүү эмгектери үчүн Жаргылчак айыл кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн атынан төмөндөгү жарандар сыйланышсын:
- Турганбаев Б.Б.-Жаргылчак айыл аймагынын “Ардактуу Атуулу”;
- Кридж Абдулла Ахмадды-Жаргылчак айыл аймагынын “Ардактуу Атуулу”
- Ишен уулу М. - “Ардак Грамота”
- Иманалиев А.К. – “Ардак Грамота”;
- Үкүев Камчыбек Такырбашевич-“Ыраазычылык каты” менен сыйланышсын.
2. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ч.Т.Телгозиевага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Д. Кызалаков |