ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаргылчак айылдык кеңеши ХХVIII чакырылышынын 16 сессиясы
2023-жылдын 24-апрелиндеги № 25
“Кичи-Жаргылчак айылынын тургуну Б.Абдиевдин дарылануусуна жардам берүү жөнүндө”
Кичи-Жаргылчак айылынын Кускаков А. көчөсүнүн жашоочуларынын кайрылуусун карап, Кичи-Жаргылчак айылынын тургуну Абдиев Бегматтын дарылануусуна материалдык жардам берүү максатында Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 16 сессиясы токтом кылат.
1. Кичи-Жаргылчак айылынын жашоочусу Абдиев Б. дарылануусуна жардам катары 40 000 сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ч.Телгозиевага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Д. Кызалаков |