КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 21-декабрындагы № 119/XXVIII-28
Кочкорбаев айыл аймагындагы калктуу конуштардан таштанды чыгаруу үчүн тѳлѳмдүн ставкасын бекитүү жѳнүндѳ
“Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-1 жана 12-3 беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27–беренесинин 1-пунктунун 11-пунктчасына ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесине ылайык, Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айыл аймагындагы калктуу конуштардын аймагынан таштанды чыгаруу үчүн акы киргизилсин.
2. 2024-жылга калктуу пункттун аймагынан таштанды чыгаруу үчүн тѳлѳм ставкасы юридикалык жактардан ар бир кызматкерге 100 сомдон бекитилсин.
3. Кочкорбаев айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Байтокоева ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айылдык Кенешинин бюджет жана каржылоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Э. Токбергенов |