Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXIX сессия
2024-жыл 29-март №2
“Жалал-Абад шаарынын 2023-жыл ичинде социалдык-экономикалык
өнүгүүсүнүн абалы жөнүндө шаар мэринин отчетун угуу”
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу оргнадары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 6-пунктчасынын негизинде, Жалал-Абад шаарынын мэринин шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарынан пайдаланылышы, шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларынын аткарылышы жөнүндө отчетун угуп, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XXXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын мэринин 2023-жылы аткарган иштери жөнүндө отчету канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: |
Н.Орозбаев |