Редакцияот 26.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаргылчак айылдык кеңеши ХХVIII чакырылышынын 18 сессиясы

 

2023-жылдын 26-июнундагы № 26

 

Автогрейдер тракторун сатып алуу жөнүндө.

Жаргылчак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджет эсебинен Автогрейдер тракторун сатып алуу максатында, Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 18 сессиясы токтом кылат:

 

1. Жаргылчак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдык бюджетинде көрсөтүлгөн акча каражатын беренеден беренеге жылдырып Автогрейдер тракторун сатып алынсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын Сатып алуулар Мыйзамына ылайык Автогрейдер сатып алуу үчүн мамлекеттик сатып алуу порталына жарыялансын.

 

3. Автогрейдер сатып алуудагы иш кагаздары жана беренеден беренеге которуп акча каражатын табуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н. Ишебаевге милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ч.Телгозиевага тапшырылсын.

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Т.Д. Кызалаков