Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 26-июнундагы № 27
Жаргылчак айыл өкмөтүнүн аймак жашоочуларын сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө
Жаргылчак айыл аймагынын жашоочуларын 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлук күнү майрамына карата сыйлыкка көрсөтүү максатында, Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 18 сессиясы токтом кылат
1. Жаргылчак айыл аймагынын социалдык-экономикалык өсүп өнүгүүсүнө кошкон чоң салымы жана коомдук иштерге активдүү катышып, кылган үзүрлүү эмгектери үчүн айыл аймагынын төмөндөгү жарандар сыйлыкка көрсөтүлсун:
1. Жаргылчак айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы менен:
Иманалиев Эмиль Даутович-Б.Үкүев атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин мугалими.
Абдрахманов Беккулу Садыкович-Кичи-Жаргылчак айылынын тургуну.
Акматов Керимбек Букарович-Ак-Терек айылынын тургуну.
Абдылдаев Курманбек Кыянович-Ак-Терек айылынын тургуну.
Сыдыкова Атыргүл Болотбековна-Чоң-Жаргылчак айылынын китепканачысы.
Тентиев Догдурбек Мукашевич-айыл өкмөтунун кирешелер боюнча жетектөөчү адиси.
2. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ч.Телгозиевага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Д. Кызалаков |