ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаргылчак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз 18-сессиясынын
2023-жылдын 26-июнундагы № 30
Жаргылчак айыл аймагындагы муниципалдык менчиктеги 0,10 га жер аянтын ижарага берүү үчүн макулдук берүү жөнүндө
Жаргылчак айыл өкмөтунун жер адиси У.П.Төлөковдун айыл өкмөтүнүн 2-02-05-0008-0841 идентификациялык кодундагы муниципалдык менчиктеги 0.10га жер аянтын ижарага берүү боюнча кайрылуусун карап чыгып, Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 18 сессиясы токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн 2-02-05-0008-0841 идентификациялык кодундагы муниципалдык менчиктеги 0.10га жер аянтын ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Жер аянтын ижарага берүү боюнча КР Мыйзамдарынын негизинде иш алып баруу айыл өкмөтүнүн жер адиси У.П.Төлөковго тапшырылсын.
3. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ч.Телгозиевага тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Д. Кызалаков |