Редакцияот 29.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXIX сессия

 

2024-жыл 29-март №5

 

“Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансындагы эскилиги жеткен автобустарды жана жүк ташуучу автоунааларды сатууга макулдук берүү жөнүндө”

 

 

    Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 08.02.2024-жылдагы чыг.№01-19/554-катты жана 19.03.2024-жылдагы чыг. №01-19/1324 сандуу катты шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусун эске алып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XXXIX сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы «Муниципалдык жүргүнчүлөрдү ташуучу автобаза» ишканасынын пайдалануусундагы 9 (тогуз) даана автобустарды жана «Жалал-Абад Тазалык» муниципалдык мекемесинин пайдалануусундагы 4 (төрт) даана жүк ташуучу автоунааларын аукцион аркылуу сатууга макулдук берилсин.

2.     Мыйзамдын талаптарын сактоо менен мүлктөрдү сатуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына милдеттендирилсин.

3.     Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.

4.     Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

5.     Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага:

 

Н.Орозбаев