ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаргылчак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз 18-сессиясынын
2023-жылдын 26-июнундагы № 32
Жаргылчак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жеңиш айылындагы №7 контурундагы спорттук аянтча жөнүндө
Жаргылчак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жеңиш айылындагы 1994-жылдагы жер фондусун инвентаризациялоо архивдик материалдары боюнча №7 контурундагы спорттук аянтчанын 2,60 га жер аянтын айыл өкмөтүнүн балансына алуу максатында, Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 18 сессиясы токтом кылат:
1. Жаргылчак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жеңиш айылындагы 1994-жылдагы жер фондусун инвентаризациялоо архивдик материалдары боюнча №7 контурундагы спорттук аянтчанын 2,60 га жер аянтын айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
2. Жер аянты боюнча КР Мыйзамдарынын негизинде иш алып баруу айыл өкмөтүнүн жер адиси У.П.Төлөковго тапшырылсын.
3. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ч.Телгозиевага тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Д. Кызалаков |