Редакцияот 29.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXIX сессия

 

2024-жыл 29-март №6

 

“Жалал-Абад шаарынын аймагындагы жеке менчик жер тилкесинин

укуктук зонасынын категориясын өзгөртүү жөнүндө”

 

 

    Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 20.03.2024-жылдагы чыг.№01-19/1354 жана 28.03.2024-жылы №01-7/312 сандуу каттарды Жалал-Абад шаардык кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында карап чыгып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XXXIX сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 11.04.2018-жылдагы кезектеги VI сессиясынын 5-токтомунун 3-пункту жана 28.05.2018-жылдагы кезектеги VIII сессиясынын 10-токтому жокко чыгарылсын.

2.     Жалал-Абад шаарынын Б.Осмонов көчөсүнүн №111 дарегинде жайгашкан “Дан-Юг” ЖЧКна таандык 4760,90 чарчы метр жер тилкесинин П-1 (өндүрүш) укуктук зоналык категориясынан “Ц-2” (жергиликтүү маанидеги тейлөө жана коммерциялык активдүүлүк) укуктук зоналык категориясына өзгөртүүгө макулдук берилсин.

3.     Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков проспектисинин №177 дарегинде жайгашкан М.А.Капаровага таандык жеке менчик 1545,13 чарчы метр жер тилкесинин Ц-4 укуктук зоналык категориясынан “Ц-2” (жергиликтүү маанидеги тейлөө жана коммерциялык активдүүлүк) укуктук зоналык категориясына өзгөртүүгө макулдук берилсин.

4.     Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, Жалал-Абад шаарындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде 2006-жылы кабыл алынган “Жалал-Абад шаарында курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелерине” өзгөртүү киргизип, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.

5.     Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.

6.     Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

7.     Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага:

 

Н.Орозбаев