Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 15-ноябры № 603
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 362 "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 362 "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын төмөнкү мамлекеттик органдары, жергиликтүү жана соттук өз алдынча башкаруу органдары "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп аныкталсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы судьялардан тышкары, дайындоо жана бошотуу Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылуучу саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (макулдашуу боюнча) шайлоо жана бошотуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан жүзөгө ашырылуучу атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты (макулдашуу боюнча) дайындоо жана бошотуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылуучу саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына карата;
- Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын судьяларына карата;
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча) прокуратура органдарынын кызматкерлерине карата;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги мамлекеттик жарандык кызматтын административдик кызмат орундарын ээлеген адамдардан тышкары, өз кызматкерлерине карата;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өз кызматкерлерине карата;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги дипломатиялык кызматта мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик этика боюнча комиссиянын ишин талдоонун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде каралган мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга, ошондой эле жок болгон мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды убактылуу алмаштырган адамдарга карата;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар уюмдардын жетекчилерине, ошондой эле мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруучуларга карата;
- карамагында мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мекемелер, уюмдар жана ишканалар турган Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жана сот бийлигинин мамлекеттик органдары (макулдашуу боюнча) ошол мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын жетекчилерине карата;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар дайындоо жана бошотуу жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы (аким) тарабынан жүзөгө ашырылуучу саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата;
- карамагында жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мекемелер, уюмдар жана ишканалар турган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ошол мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын жетекчилерине карата.";
2) 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |