Редакцияот 15.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 15-ноябры № 607

Мамлекеттик асыл тукум каттоо жөнүндө жобону жана Асыл тукум жаныбарлардын жана үйүрлөрдүн мамлекеттик китеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Мамлекеттик асыл тукум каттоо жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Асыл тукум жаныбарлардын жана үйүрлөрдүн мамлекеттик китеби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

 Министрлер Кабинетинин

               Төрагасы

 

А.У.Жапаров