Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 02-октябрындагы № 43
Административдик аймактык реформа жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө № 350 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл Ыйгарым Укуктуу өкүлүнүн 2023-жылдын 15-августундагы № 318 тескемесин жана Жети-Өгуз райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 25-августундагы № 02-20/2319 катын колдоо максатында Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 20-кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Аймакта Кыргыз Республикасынын Президентинин административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө № 350 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл Ыйгарым Укуктуу өкүлүнүн 2023-жылдын 15-августундагы № 318 тескемесин жана Жети-Өгуз райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 25-августундагы № 02-20/2319 каты колдоого алынсын.
2. Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация тарабынан белгиленген иш чаралардын негизинде айылдык кеңештин депутаттары өз шайлоо округдарында, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери менен биргеликте жалпы айыл тургундарына аймактык реформа боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.
3. Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү тууралуу концепциясын жана ишке ашыруу боюнча жол картасын иштеп чыгууда Жаргылчак айыл аймагынын географиялык абалын, аймакта 4 айылдын жайгашкандыгын эске алууну райондук мамлекеттик администрациясынын түзүлгөн жумушчу топтон суралсын.
4. Административдик аймактык реформа жүргүзүүдө айыл аймагынын атын Жаргылчак айыл өкмөтү, аймактын борборун Дархан айылында жайгашуусуна макулдук берилсин.
5. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ч.Телгозиевага тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Д. Кызалаков |