ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаргылчак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз 20-сессиясынын
2023-жылдын 02-октябрындагы № 45
Айыл чарба багытындагы жер салыгынын ордун толуктоо үчүн 2023-жылдын 1,2 жарым жылдыгында республикалык бюджеттен максаттуу трансферт катары келе калган акча каражаты 2023-жылдын бюджетине кошумча пайдалануу жөнүндө
Айыл чарба багытындагы жер салыгынын ордун толуктоо үчүн республикалык бюджеттен максаттуу трансферт аркылуу 2023-жылдын 1,2чи жарым жылдыгында түшө турган акча каражаттарын максаттуу түрдө пайдалануу үчүн, айыл өкмөтүнүн бул маселе боюнча берген сунушун ар тараптан карап чыгып, талкуулап, Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 20 сессиясы токтом кылат:
1. Жаргылчак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетине республикалык бюджеттен максаттуу трансферт катары 2023-жылдын 1,2чи жарым жылдыгында келип түшө турган 380,0 сом акча каражаты айыл өкмөтү берген сметасынын негизинде чыгымдалсын.
Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин Жети-Өгүз райондук башкармалыгынан айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүн 2023-жылдын 1,2 жарым жылдыгында келип түшө турган 380,0 сомго көбөйтүп берүү жагы суралсын.
1,2 чи жарым жылдыкта түшө турган акча каражаты төмөндөгү жумуштарга айыл өкмөтүнүн берген сунушуна ылайык жумшалсын:
№ | Иш чаралар | Функцияналдык классификациясы | Элемент | Сумма сом |
1 | “ЖКХ” бөлүмүндө кошумча жумуштарды аткарууга чыгымдалуучу акча каражаты | 70629 “ЖКХ” | 2222 | 247,0 |
2 | Библиотекага мебель жана китеп алууга | 70821 | 3112 | 52,0 |
3 | Аппарат разделине ар кандай жумуш аткарууга | 70111 | 2222 | 15,0 |
4 | Бала бакча “Алтын Уя” кезектеги электричество оңдоо үчүн | 70911 | 2221 | 66,0 |
| Баардыгы |
|
| 380,0 |
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ургазиевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Ишебаевге сессиянын токтомунун негизинде жогоруда аталган жумуштарды каржылоо жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Д. Кызалаков |