Редакцияот 21.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 21-ноябры № 611

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 16 "Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Мамлекеттик финансыны башкаруу системасында реформаларды жүргүзүү максатында, "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 5-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 16 "Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 3-пункттагы "2024-жылдын" деген сөздөр "2026-жылдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

 Министрлер Кабинетинин

                Төрагасы

 

А.У.Жапаров