ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаргылчак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз 21-сессиясынын
2023-жылдын 19-декабрындагы № 49
“Айыл өкмөтүнүн Чоң-Жаргылчак айылындагы кичи футбол аянтчасына Мусапказиев Иманбектин ысмын берүү жөнүндө”
Жаргылчак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Чоң-Жаргылчак айылындагы кичи футбол аянтчасына И.Мусапказиевдин атын берүү кайрылуусун карап чыгып, Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 21 сессиясы токтом кылат:
1. Чоң-Жаргылчак айылындагы кичи футбол аянтчасына Мусапказиев Иманбектин ысмы ыйгарылсын.
2. Кичи футбол аянтчасынын техникалык абалын, сакталышын, оңдоп түзөө иштерин көзөмөлгө алуу, он абалда сактоонуу көзөмөлдөө И.Мусапказиевдин үй-бүлөөсүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ч.Телгозиевага тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Д. Кызалаков |