КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 05-апрели № 69/XIX-28
“Нур Наристе” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин тамак-ашы үчүн ата-энелердин кошумча төлөмүн бекитүү жөнүндө
“Нур Наристе” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин директору А. Н. Абдылдаеванын тамак-аш үчүн ата-энелердин кошумча төлөмү ар бир балага бир күнгө 50 сомдон 70 сом өлчөмүндө көтөрүп бекитип берүү сунушун угуп жана талкуулап Кочкорбаев айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айыл аймагындагы “Нур Наристе” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин тамак-аш үчүн ата-энелердин кошумча төлөмү ар бир балага бир күнгө 50 сомдон 70 сом өлчөмүндө көтөрүлүп бекитилсин.
2. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Э. Токбергенов |