Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 4-декабры № 632
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 222 "Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жободо:
1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 9-пунктча менен толукталсын:
"9) этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылуучу жана этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү, ошондой эле тамеки буюмдарын жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы.";
- 19-пунктта:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- арыз-эсеп (ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык 3 нускада). Салык төлөөчүнүн арыз-эсебине өндүрүлүүчү жана/же импорттолуучу акциздик товарлардын аталыштарын көрсөтүү менен ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык акциздик буюмдарды өзгөчөлөө тиркелет. Арыз-эсептин жана акциздик буюмдарды өзгөчөлөөнүн бир нускасы салык төлөөчүгө кайтарылат, экинчи нускасы салык кызматынын органында калат, үчүнчү нускасы этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет;";
жетинчи абзац төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: "Инвойстордун жана келишимдердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү салык төлөөчү тарабынан этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет;";
онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Импорттолгон маркалануучу продукцияга акциздик маркаларды берүү жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу банк тарабынан ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча 4 нускада түзүлөт. Акциздик маркалар ыйгарым укуктуу банк тарабынан салык төлөөчүгө чечимде көрсөтүлгөн акциздик маркалардын катар номерине ылайык берилет. Салык кызматынын органынын чечиминин биринчи нускасы ыйгарым укуктуу банкта, экинчиси - салык төлөөчүдө, үчүнчүсү - салык кызматынын органында калат, төртүнчүсү - этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.";
- 20-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Акциздик маркаларды чет өлкөдө маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводго жөнөтүү жөнүндө чечим 3 нускада түзүлөт. Мында ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан чет өлкөдө маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводго акциздик маркалардын тиешелүү партиясы жөнөтүлгөндүгү жөнүндө акциздик маркаларды даярдоочу компанияга заказ-кат жөнөтүлөт. Чечимдин үчүнчү нускасы этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.";
- 21-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: Маркаланууга тийиш болгон көлөмдү жана акциздик маркалардын номиналдык наркын төлөөнү ырастагандан кийин салык кызматынын органы акциздик маркаларды берүү тууралуу чечим чыгарат, андан кийин этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлайт.";
- 23-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Бул үчүн ыйгарым укуктуу салык органы маркалануучу продукциянын тибин, сыйымдуулугун жана аталышын көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү уруксатты салык төлөөчүгө - акциздик маркаларды сатып алуучуга, ыйгарым укуктуу банкка, салык төлөөчүнү - акциздик маркаларды сатып алуучуну салыктык каттоо жери боюнча салык кызматынын органына, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.";
- 29-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: "Мында жөнөтүлгөн продукция жана акциздик маркалардын тибин, сыйымдуулугун, номерлерин жана аларды алуучунун аты-жөнүн жазуу менен берилген маркалар жөнүндө кабарлоо этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.";
- 31-пункттун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Салык кызматынын органы бир айлык мөөнөттө жогоруда аталган документтерди текшерүүдөн өткөрөт жана акциздик маркаларды ыйгарым укуктуу банкка кайтаруу жөнүндө чечим чыгарат, ал 4 нускада түзүлөт. Акциздик маркаларды кайтаруу жөнүндө чечимдин биринчи нускасы ыйгарым укуктуу банкта, экинчиси - акциздик маркаларды сатып алуучуда, үчүнчүсү - салык кызматынын органында калат, төртүнчүсү - этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.";
- 33-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Салык кызматынын органы бир айлык мөөнөттө жогоруда аталган документтерди текшерүүдөн өткөрөт жана бузулган акциздик маркаларды ыйгарым укуктуу банкка кайтаруу жөнүндө чечим чыгарат, ал салык кызматынын органы тарабынан бекитилүүчү форма боюнча 4 нускада түзүлөт. Акциздик маркаларды кайтаруу жөнүндө чечимдин биринчи нускасы ыйгарым укуктуу банкта, экинчиси - акциздик маркаларды сатып алуучуда, үчүнчүсү - салык кызматынын органында калат, төртүнчүсү - этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.";
- 41-пункт "бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөрдөн кийин "жана этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөр менен толукталсын;
- 42-пункт "ыйгарым укуктуу салык органына" деген сөздөрдөн кийин "жана этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезититнин 2023-жылдын 8-декабрындагы № 97 (3546) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |