Редакцияот 12.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чалма айылдык кеңешинин кезексиз он сегизинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын

 

2023-жылдын 12-июлу № 18/1

Чалма айыл аймагынын Орто-Талаа участкасына темир труба менен сугат суу алып келүүгө макулдук берүү жөнүндө

         Кара-Кулжа, Чалма, Ылай-Талаа, Кара-Гуз, Кеңеш айыл аймактарынын жерлерин сугаруу долбоорлорунун алкагында  Токбай-Талаа айылынын  Токбай-Ата, Жазы кечүү сууларынын кошулган жеринен  Ак-Терек участкасынан  “Түлкү-Дөбө” талаасынын тескей жак тарабы менен  1720 метр аралыкта Орто-Талаа участкасына темир труба менен сугат суу алып келүүгө макулдук берүү максатында Чалма айылдык Кеңеши            

 токтом кылат:

       1.Кара-Кулжа, Чалма, Ылай-Талаа, Кара-Гуз, Кеңеш айыл аймактарынын жерлерин сугаруу долбоорлорунун алкагында Токбай-Талаа айылынын Токбай-Ата, Жазы кечүү сууларынын кошулган жеринен  Ак-Терек участкасынан  “Түлкү-Дөбө” талаасынын тескей жак тарабы менен 1720 метр аралыкта  Орто-Талаа участкасына темир труба менен сугат суу алып келүүгө макулдук берүү үчүн Чалма айыл Өкмөтүнүн аймагында ишке ашырылсын.

       2.Кара-Кулжа, Чалма, Ылай-Талаа, Кара-Гуз, Кеңеш айыл аймактарынын жерлерин сугаруу долбоорлорунун алкагында Токбай-Талаа айылынын Токбай-Ата, Жазы кечүү сууларынын кошулган жеринен Ак-Терек участкасынан  “Түлкү-Дөбө” талаасынын тескей жак тарабы менен 1720 метр аралыкта  Орто-Талаа участкасына темир труба менен сугат суу алып келүүгө макулдук берет.

     3. Бул токтомдун аткарылышын  камсыздоо жагы   Чалма айыл Өкмөтүнүн башчысы  З.Оморовго тапшырылсын.

 

Төрага

 

А. Кадыркулов