Редакцияот 29.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXIX сессия

 

2024-жыл 29-март №4

 

“Жалал-Абад шаарынын мэриясы жана Жалал-Абад шаардык мамлекеттик статистика бөлүмүнүн ортосундагы келишимди бекитүү жөнүндө”

   

    Кыргыз Республикасынын 09.06.2013-жылдагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» №217-мыйзамынын 5-беренесинин 3-пунктуна ылайык жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 25.03.2024-жылдагы чыг.№0-19/1423 сандуу катты Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, регламент, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясында карап чыгып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин кезексиз XXXIX сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

   1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 11.02.2021-жылдагы кезектеги XXXII сессиясынын №2-токтому жокко чыгарылсын.

 

 2. Жалал-Абад шаарынын мэриясы жана Жалал-Абад шаардык мамлекеттик статистика бөлүмүнүн ортосундагы келишим №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

   1. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков) бекитилген келишимдин негизинде иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.

 

2. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, регламент, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

    4. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

 

Төрага:

 

Н.Орозбаев