Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 28.03.2024 № 1 буйругунун тиркемеси |
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция
министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана
көзөмөлдөө боюнча кызматынын мамлекеттик эмгек инспекторлорунун
ведомстволук форма кийимдери жана айырмалоо белгилеринин
сүрөттөлүшү
(Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын 27-апрелиндеги № 2 буйругунун редакциясына ылайык)
I. Форма кийимдеринин сүрөттөлүшү
1. Мамлекеттик эмгек инспекторлорунун (мындан ары - мамлекеттик инспекторлор) формасы үч комплекттен турат.
- сый кийим;
- күнүмдүк;
- талаачылык;
2. Сый кийим жана күнүмдүк комплектиге төмөнкүлөр кирет:
- кышкы пальто;
- бапак;
- кулакчындуу тумак;
- моюн орогуч;
- мээлей;
- плащ;
- фуражка;
- пилотка (кепка);
- китель;
- узун жана кыска жеӊдүү көйнөктөр;
- жазгы-күзгү күрмө;
- кышкы, жазгы-күзгү жана жайкы бут кийим;
- шым;
- кара түстөгү жеңи кыска, кайырма жакалуу сокмо көйнөк (футболка).
Сый комплектидеги көйнөк, мээлей жана моюн орогуч ак түстө болот.
Жазгы-күзгү күрмө күнүмдүк комплектиге гана кирет.
3. Талаачылык комплектиге камуфляж кирет, ал бушлаттан, күрмөдөн, шымдан жана кончу бийик батинкеден турат.
Жылдын кыш мезгилинде бапак, кулакчындуу тумак жана кышкы бут кийим, жай мезгилинде – фуражка, пилотка жана кепка (панама) пайдаланылат.
4. Кышкы пальто.
Пальто эки жакка кымтыланма, денеге кыналып турат, ичине ватин салынган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн алтын түстүү алты формалык топчуга топчуланат. Жакасы кайырмалуу лацкандары менен, жеӊдери кош тигиштүү. Кенже, улук жана башкы кызмат орундарынын наамдары бар адамдары үчүн пальто күңүрт-көк түстөгү драптан тигилет.
Жогорку жана саясий кызмат орундарындагы атайын наамдары бар адамдары үчүн пальто боз түстөгү драптан тигилет. Жакасы каракул, жеңдери тилик, кош тигиштүү, тиликке Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн алтын түстүү кичине өлчөмдөгү экиден топчу кадалган.
Кызматкер аялдар үчүн - пальто денеге жарым-жартылай кынама көрүнүштө, бир жагына кымтыланма, жакасы кайырма, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн төрт формалык топчуга топчуланат.
Жогорку жана саясий кызмат орундарындагы атайын наамдары бар кызматкер аялдар үчүн пальто денеге жарым-жартылай кынама көрүнүштө, боз түстөгү кездемеден тигилет, эки жакка кымтыланма, ичине ватин салынган. Жакасы кайырма, жаканын жогорку бөлүгүнө, кайрууларына жана манжеттерине каракул салынган. Пальто Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн алты формалык топчуга топчуланат.
5. Кышкы бут кийим.
Өтүк мех менен ичтелген кара булгаарыдан ултарылат, эркектер үчүн кончу кыска жана аялдар үчүн кончу узун жасалат. Кончуна сыдырма салынган.
6. Плащ.
Плащ күңүрт-көк түстөгү суу өткөрбөс кездемеден тигилет, төрт топчуга ичинен топчулануучу бир жагына кымтыланма, ичилик салынган, тогоо менен курчалуучу куру бар. Жакасы кайырма, кесик каттамдуу кокеткалуу, кыюуланган тилик чөнтөктүү. Учасы кокеткалуу жана тигиш дал ортосунан өтүп, тилик болуп бүтөт. Жеңи кош тигиштүү, үч жагы тигилген жеӊ тарткычтуу, анын бош учтары топчулукка топчуланат.
7. Жазгы-күзгү күрмө.
Жазгы-күзгү күрмө күңүрт-көк түстөгү суу өткөрбөс кездемеден тигилет, бир жагына кымтыланма, каптама жан чөнтөктөрүнүн капкалдырыктары топчуга топчуланат. Төш чөнтөктөрүнө сыдырма салынган. Жакасы кайырма. Топчулугу кайып тигилген бөйрөмчөсүндө, жеӊдери бир тигиштүү орнотулма, алды жагы паталуу, ал пластмасса топчуларга топчуланат. Күрмөнүн белинде - көмүскө тартма. Баш чүмбөтүнө жана ичилигине синтепон салынган, топчуларга топчуланат. Жакасына, бөйрөмчөсүнө, жеӊдин учтарына, чөнтөктөрүнө жана капкалдырыктарына кооздоочу тигиш салынган.
8. Бапак.
Бапак кесилген конус түрүндөгү алкактан жана алкактын үстүӊкү кырынан 4 см чыгып турган калпактан (төбөдөн) турат. Алкагы боз түстөгү накта каракүлдөн жасалат. Калпак төрт талаадан туруп, күңүрт-көк түстөгү ноотудан тигилет. Төбөсүнүн үстү жагындагы тигиштерине эни 5-6 см болгон алтын түстөгү тасма кайчылаш бастыра тигилген.
Бапактын алкагынын алды жагынын дал ортосуна кокарда бекитилет.
Эркектер үчүн бапак жогорку жана саясий кызмат орундарындагы атайын наамдары бар адамдарга гана берилет.
Жогорку жана саясий кызмат орундарындагы атайын наамдары бар кызматкер аялдар үчүн жана боз түстөгү накта каракүлдөн беретка берилет.
9. Кулакчындуу тумак.
Тумак алкактан, төбөсүнөн жана кептен турат. Алкагы (маӊдай кыры, желкеси кулакчындары менен) боз түстөгү каракүлдөн жасалат. Төбөсү төрт талаадан туруп, маӊдай кыры жана кулакчындуу желкеси (ич жагы) күңүрт-көк түстөгү күдөрүдөн тигилет. Кеби кебез салынып ичилигине кабылган бөлүктөр жана тегерек төбөдөн турат.
Аялдар үчүн күңүрт-көк түстөгү ноотудан тигилген беретка берилет.
10. Мээлей.
Мээлей ичи мех менен кара булгаарыдан тигилет.
11. Моюн орогуч
Моюн орогуч боз жана ак түстөгү жүндөн токулган кездемеден болот.
12. Фуражка.
Фуражка көк-жашыл түстөгү баркыт алкактуу күңүрт-көк кездемеден тигилет, алкагына жана кебине көгүлтүр милте бастырылат. Алкагындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн эки кичине топчуга өрүлгөн кош катар боо бекитилип, алкагында алтын түспөлдөнгөн кокарда болот. Маӊдай кыры кара, лакталган.
Жогорку жана саясий кызмат орундарындагы атайын наамдары бар адамдар үчүн алкагындагы маӊдай кырынын үстүнө алтын түспөлдөнгөн өрүлгөн боодон башка, симметриялуу жайгашкан эки эмен бутагы түрүндөгү алтын түстүү кооздук да саймаланып салынат. Жайкы фуражка ак же боз түстө болот.
Кызматкер аялдар үчүн фуражканын ордуна ак же күңүрт-көк түстөгү көгүлтүр милтеси бар тегерек формалуу шапочка (беретка, пилотка) берилет.
13. Күндө кийилүүчү кител-шым.
Бир жагына кымтыланма китель Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн төрт топчуга топчуланат, бычылышы денеге жарым-жартылай кынама, турсуз кездемеден тигилген, учасы тигиштүү жана ичилиги этегине тигилбеген, жакасы кайырма жана жеӊи демейдегидей кош тигиштүү.
Кителдин беттеме бүгүштүү жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн кичине өлчөмдөгү топчуга топчуланган капкалдырыктуу каптама төш чөнтөктөрү, беттеме бүгүштүү жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн чоӊураак өлчөмдөгү топчуга топчуланган капкалдырыктуу каптама жан чөнтөктөрү бар.
Жогорку жана саясий кызмат орундарындагы атайын наамдары бар адамдар үчүн - китель эки жакка кымтыланма, учасынын этеги тилик эмес. Кителдин капкалдырыктуу тилик жан чөнтөктөрү жана тилкелүү тилик төш чөнтөктөрү бар, аялдар үчүн - топчулук сол жагында болот.
Жогорку жана саясий кызмат орундарындагы атайын наамдары бар адамдар үчүн китель күңүрт-көк түстөгү габардинден тигилет, жакасы жана кайрылган жеӊ учу көгүлтүр түстөгү милте менен кыйылган, милтенин эни 2,5 мм. Башка мамлекеттик инспекторлор үчүн – күңүрт-көк костюм кездемеден тигилет. Кызматкер аялдар үчүн топчулук сол жагында. Жогорку атайын наамдары бар адамдар сур түстөгү китель кийүүгө укуктуу.
Шым багелеги коё берилип, манжетсиз тигилген, улук жана орто курамдагы атайын наамдары бар адамдар үчүн эни 2,5 мм болгон көгүлтүр түстөгү милте бастырылган.
Кызматкер аялдарга форма шым берилиши мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын 27-апрелиндеги № 2 буйругунун редакциясына ылайык)
14. Аялдардын кители жана юбкасы.
Аялдар үчүн китель жана юбка күңүрт-көк түстөгү костюмдук кездемеден тигилет.
Китель Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн эки топчуга сол жагына топчуланат, бычылышы денеге жарым-жартылай кынама, түрсүз кездемеден тигилген, учасы тигиштүү жана ичилиги этегине тигилбеген, жакасы кайырма жана жеӊи демейдегидей кош тигиштүү.
Китель Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн төрт топчуга сол жагына топчуланат, эки жакка кымтыланма, учасынын этеги тилик эмес. Кителдин алкакталган тилик жан чөнтөктөрү бар.
Юбка түз, тизеге чейин.
15. Жайкы китель.
Жайкы китель күндө кийилүүчү китель-шымдай эле, болгону ачык көк түстөгү кездемеден тигилет.
16. Жайкы көйнөк.
Жайкы көйнөк көгүш түстөгү кездемеден тигилет, түз, орнотулма кыска жеӊдүү, жеӊ учу кайырмалуу, көгүлтүр түстөгү милте менен кыюуланган. Төш чөнтөктөрү каптама, “бант” бүгүштүү жана топчуга топчуланган капкалдырыктуу. Жакасы кайырма лацкандары менен, топчулугу белге чейин, көйнөктүн жан чөнтөктөрү тилик болуп, кыюуланган, көйнөктүн юбкасы алды жагында беттеме бүгүштүү, белинде тоголуу куру бар.
17. Аялдардын шымдуу жайкы костюму.
Жайкы костюм ачык көк түстүү кездемеден тигилет, орнотулма кыска жеӊдүү, денеге жарым-жартылай кынама көрүнүштөгү бир жагына кымтыланма жакеттен турат, кайрылган жеӊ учуна көгүлтүр түстөгү милте бастырылган, топчулугу көрүнбөйт, жакасы кайырма лацкандары менен, алкакталган тилик жан чөнтөктөрү бар, учасы бир тигиштүү, төш чөнтөгү тилик болуп, кыюуланган.
Шым түз, жан чөнтөктөрү бар, кайып тигилген кашатынын каптал тигишине көгүлтүр түстөгү милте бастырылган.
18. Күрмө.
Күрмө күңүрт-көк түстөгү жарым-жартылай жүн кездемеден тигилет, сыдырма салынган тилик жан чөнтөктөрү бар, кайырма жакалуу, бел кур жана ичилик салынган. Өңүрлөрү кокеткалуу, кокеткалар бастыра тигилген тигиштерге капкалдырыктуу жана “беттеме” бүгүштүү каптама чөнтөктөр салынган. Учасы ортосунда тигиши бар кокеткалуу. Жеӊи кош тигиштүү, учтарына тилиги бар манжета салынган.
Чөнтөктөрүнүн капкалдырыктары, манжеталар жана бел кур Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн формалык топчуларга топчуланат.
Кызматкер аялдар үчүн күрмөнүн формасы ушундай эле.
19. Сырт көйнөк.
Узун жеӊдүү көйнөк ак же көгүлтүр түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, кесик каттамдуу, “беттеме” бүгүштүү жана капкалдырыктуу эки каптама төш чөнтөгү бар, бел кур салынган.
Алды жагы этегине чейин ачык. Учасы кокеткалуу, жеңи тилик жана манжета салынган. Көйнөктүн алды, манжеталары жана бел куру топчуга топчуланат.
Узун жеӊдүү көйнөк манжета салынып, көгүлтүр же ак түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, кесик каттамдуу, “беттеме” бүгүштүү жана капкалдырыктуу эки каптама төш чөнтөгү бар, пластмасса топчуга топчуланат, топчулугу бөйрөмчөсүндө.
Кыска жеӊдүү көйнөк ак же көгүлтүр түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, “беттеме” бүгүштүү жана капкалдырыктуу эки төш чөнтөгү бар, бел кур салынган. Алды жагы этегине чейин ачык.
Учасы кокеткалуу. Көйнөктүн алды, капкалдырыктар жана бел кур топчуга топчуланат.
Жогорку жана саясий кызмат орундарындагы атайын наамдары бар адамдар үчүн көйнөктүн бел куру резинкага бекитилет.
Кыска жеӊдүү көйнөк көгүлтүр же ак түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, кесик каттамдуу, “беттеме” бүгүштүү жана капкалдырыктуу эки каптама төш чөнтөгү бар, пластмасса топчуга топчуланат, топчулугу бөйрөмчөсүндө.
Кызматкер аялдар үчүн сол жагына топчуланат.
20. Кара түстөгү жеңи кыска, кайырма жакалуу сокмо көйнөктү (футболканы) күнүмдүк жана талаа формасы менен гана кийүүгө уруксат берилет.
21. Жагоо.
Жагоо күңүрт-көк же кара түстөгү жибек кездемеден жасалат, чоюлган трапеция түрүндөгү негизги бөлүктөн туруп, учтуу болуп бүтөт.
22. Туфли.
Туфли кара же каралжын күрөӊ түстө болот.
Жогорку курамдагы атайын наамдары бар адамдар жана мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар адамдар үчүн булгаары таман салынып шаврадан; улук жана кенже курамдагы атайын наамдары бар калган адамдар үчүн резина таман салынып, хромдон жасалат.
Кызматкер аялдар үчүн туфли накта булгаарыдан, кара түстөгү анча бийик эмес такасы бар моделдүү жасалат.
23. Бийик кончтуу батинке.
Бийик кончтуу батинке (кончу кыска өтүк) талаа формасы үчүн боосу менен кара түстө болот.
II. Айырмалоо белгилеринин сурөттөлүшү
24. Баш кийимдеги кокарда.
Кокарда Кыргыз Республикасынын герби салынып, алтын түстө болот. Кокарданын бийиктиги 40 мм. Арт жагына металл эки бекиткич данакерленет. Кокарда фуражканын (береттин) маңдайынын борборуна же тумактын (бапактын) мандайына бекитилет.
Жогорку курамдагы класстык чиндери бар адамдар үчүн кокарда эмен жалбырактары менен алкакталат.
25. Кепке кадалуучу кокарда.
Кепке кадалуучу кокарда жүн кездемеден жасалат жана тегерек болот, айлананын ортосунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын символика белгилеринин элементтери жайгашкан.
26. Эмблема.
Эмблема алтын түстүү, металлдан, толук куюлуп жасалат.
Сегиз бурчтуу контуру рельефтелген, контурдун ортосунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын символика белгилеринин элементтери тартылган.
27. Төш белги.
Төш белги кызыл түстөгү боёктуу элементи бар алюминийден жасалат, тегерек сфера (томпок) түрүндөгү формада жана мамлекеттик инспектордун жекече номери болот.
28. Жеӊдеги белги.
Жеӊдеги белги кителдин, пальтонун же көйнөктүн жеӊине тигүү үчүн кебез кездемеден жасалат, тиешелүү түрдө ага шелкография жолу менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын символика белгилеринин сүрөттөлүшү түшүрүлөт.
29. Топчулар.
Топчулар металлдан жасалып, алтын түстө, чөйчөкчөдөн, түпчөдөн, көзөнөктөн же бекиткич илмектен турат.
Үстүңкү бет жагы томпок, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин рельефтүү сүрөтү түшүрүлгөн.
Топчунун диаметри 14 жана 22 мм.
Топчуну сары, каралжын жашыл жана ачык изумруд-жашыл түстөгү пластмассадан жасоого жол берилет.
30. Ийин белгилери.
Ийин белгилери пальтого, плащка, кителге, күрмөгө жана көйнөккө кадалат. Ийин белгиси жумшагыраак келип, жарыш кеткен узун жактары бар чоюлган алты бурчтук түрүндө болот, анын төмөнкү учу тик бурчтуу, ал эми жогорку учу кесик жагынан кеӊ бурч болуп бүтүп, төмөнкү четине жарыш кетет.
Тигилме ийин белгилери пальтого, плащка, кителге кадалат. Чыгарып коймо ийин белгилери костюмга, көйнөктөргө, күрмөгө тагылат. Ийин белгилери боз түстө, ал эми ак-көйнөктөргө – ак түстө болот.
(Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын 27-апрелиндеги № 2 буйругунун редакциясына ылайык)
31. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчилеринин ийин белгилери.
Өзгөчө токулган күмүш түстөгү волокадан даярдалат, жарык чагылдырбайт, нооту менен капталган.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар мамлекеттик инспекторунун ийин белгисинин талаачасынын төмөнкү бөлүгүндө бирдей аралыкта алтын түстөгү үч жазы горизонталдык тилке параллелдүү жайгаштырылат. Ийин белгисинин жогорку бөлүгүндө эмблеманын болушу каралат.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар мамлекеттик инспекторунун ийин белгисинин талаачасынын төмөнкү бөлүгүндө бирдей аралыкта алтын түстөгү эки жазы горизонталдык тилке параллелдүү жайгаштырылат. Ийин белгисинин жогорку бөлүгүндө эмблеманын болушу каралат.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар мамлекеттик инспекторунун ийин белгисинин талаачасынын төмөнкү бөлүгүндө алтын түстөгү бир жазы горизонталдык тилке жайгаштырылат. Ийин белгисинин жогорку бөлүгүндө эмблеманын болушу каралат.
(Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын 27-апрелиндеги № 2 буйругунун редакциясына ылайык)
32. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчилеринин ийин белгилери.
Өзгөчө токулган боз түстөгү волокадан даярдалат. Ийин белгисинин талаачасында көгүлтүр түстөгү, нооту капталган 2 жарык чагылдыргыч тилке бар.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси класстык чени бар мамлекеттик инспекторунун ийин белгисинин талаачасынын төмөнкү бөлүгүндө бирдей аралыкта алтын түстөгү үч жазы горизонталдык тилке параллелдүү жайгаштырылат.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси класстык чени бар мамлекеттик инспекторунун ийин белгисинин талаачасынын төмөнкү бөлүгүндө бирдей аралыкта алтын түстөгү эки жазы горизонталдык тилке параллелдүү жайгаштырылат.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси класстык чени бар мамлекеттик инспекторунун ийин белгисинин талаачасынын төмөнкү бөлүгүндө алтын түстөгү бир жазы горизонталдык тилке жайгаштырылат
(Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын 27-апрелиндеги № 2 буйругунун редакциясына ылайык)
33. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспекторлорунун ийин белгилери.
Нооту капталган боз түстөгү волокадан даярдалат. Ийин белгисинин талаачасында көгүлтүр түстөгү бир жарык чагылдыргыч тилке бар.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы инспектору класстык чени бар мамлекеттик инспекторунун ийин белгисинин талаачасынын төмөнкү бөлүгүндө бирдей аралыкта күмүш түстөгү төрт ичке горизонталдык тилке параллелдүү жайгаштырылат.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы инспектору класстык чени бар мамлекеттик инспекторунун ийин белгисинин талаачасынын төмөнкү бөлүгүндө бирдей аралыкта күмүш түстөгү үч ичке горизонталдык тилке параллелдүү жайгаштырылат.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы инспектору класстык чени бар мамлекеттик инспекторунун ийин белгисинин талаачасынын төмөнкү бөлүгүндө бирдей аралыкта күмүш түстөгү эки ичке горизонталдык тилке параллелдүү жайгаштырылат.
34. Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспекторлорунун ийин белгилери.
Нооту капталган боз түстөгү волокадан даярдалат. Ийин белгисинин талаачасында көгүлтүр түстөгү бир жарык чагылдыргыч тилке бар.
Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору класстык чени бар мамлекеттик инспекторунун ийин белгисинин талаачасынын төмөнкү бөлүгүндө күмүш түстөгү бир ичке горизонталдык тилке жайгаштырылат.
(Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын 27-апрелиндеги № 2 буйругунун редакциясына ылайык)
35. Класстык чени берилбеген ийин белгилери.
Нооту капталган боз түстөгү волокадан даярдалат. Ийин белгисинин талаачасында көгүлтүр түстөгү бир жарык чагылдыргыч тилке бар.
Мамлекеттик жарандык кызматтын класстык чени жок мамлекеттик инспекторунун ийин белгисинин талаачасында айырмалоочу белгилер жайгаштырылбайт.
(Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын 27-апрелиндеги № 2 буйругунун редакциясына ылайык)
36. Ийин белгилеринин жалпы техникалык параметрлери.
Ийин белгилеринин узундугу 12-16 см түзөт. Кызмат орундарынын жогорку жана саясий топторунун класстык чендери бар адамдар үчүн ийин белгилеринин эни - 5,5 см, башкы топтон кенже топко чейинки кызмат орундарынын класстык чендери бар адамдар үчүн – 4-5,5 см. Ийин белгилеринин четтери, төмөн жагынан башкасы көгүлтүр түстөгү нооту менен милтеленет, милтенин эни - 2,5 мм.
Эмблеманын өлчөмү 20–35 мм болуп, ийин белгисинин жогорку бөлүгүнүн ортосуна бойлой жайгаштырылат.
Жазы тилкелердин туурасы 20 мм, ичке тилкелердики – 10 мм түзөт. Бардык тилкелер ийин белгисинин төмөнкү четине параллелдүү жайгаштырылат. Параллелдүү тилкелердин ортосундагы аралык 2 мм, ийин белгисинин төмөнкү четинен биринчи (төмөнкү) тилкеге чейинки аралык – 5 мм түзөт.
(Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын 27-апрелиндеги № 2 буйругунун редакциясына ылайык)