Редакцияот 12.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 35- отурумунун

2023-жылдын 12-сентябры № 35/1

К.Белекбаев атындагы Алай  айыл өкмөтүнүн Сопу-Коргон  айылынын тургуну Жусуев Талгат Мухамбетовичтин кайрылуусун кароо жөнүндө

 

 

К.Белекбаев атындагы Алай  айыл өкмөтүнүн Сопу-Коргон айылынын тургуну Жусуев Талгат  Мухамбетовичтин тиешелүү иш кагаздарын карап чыгып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 44-беренесинин 1-2 пунктуна, жана 49-беренесинин 1-6-пунктуна ылайык  К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сопу-Коргон айылынын Султанов көчөсүндөгү калктуу конушунун чегинде жайгашкан 5-01-01-1004-0463 сандуу идентификациялык коду менен катталган  өзүнүн жеке менчигинде турган 1060,00 чарчы метр жер аянты үй курууга чектелип берилсин.

2.Тиешелүү юридикалык документтерин  Жусуев Талгат  Мухамбетовичтин наамына даярдап берүү жагы  Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына, ошондой эле «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Алай филиалына сунуш кылынсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго  милдеттендирилсин.

 

 

К. Белекбаев атындагы

Алай айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Л.Койчиев