БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XXIV-сессиясы
2023-жылдын 05 октябрындагы № 2
Багыш айыл аймагында жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрүнүн жыйынын чакыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 05.09.2023-жылдагы №05-1/3070 сандуу катын негиздеп Багыш айыл өкмөт башчысынын берген сунушун угуп жана талкуулап Багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XXIV -сессиясы токтом кылат:
1. Багыш айыл аймагында Ѳкүлчүлүктүү жыйын 2023-жылдын 18-ноябрь күнү саат 10:00до, Октябрь айылындагы №9 И.Мичурин атындагы мектебинин имаратында өткөрүлсүн.
2. Ѳкүлчүлүктүү жыйынга ѳкүлдѳрүн шайлоо үчүн айыл аймак төмөндөгүдөй аймактык бөлүктөргө бөлүнсүн: Беш-Бала, Багыш, Кызыл-Туу, Октябрь-1, Октябрь-2, Октябрь-3, Сафаровка, Сары-Булак, Кедей-Арык айылдары.
3. Багыш айыл аймагы боюнча ѳкүлдѳрдүн жалпы саны 150 адам деп бекитилсин жана айыл аймактын бөлүктөрүндө төмөндөгүдөй иретте көрсөтүлсүн:
- Беш-Бала айылы боюнча ѳкүлдѳрдүн саны 15 адам;
- Багыш айылы боюнча ѳкүлдѳрдүн саны 22 адам;
- Кызыл-Туу айылы боюнча ѳкүлдѳрдүн саны 10 адам;
- Октябрь-1айылы боюнча ѳкүлдѳрдүн саны 20 адам.
- Октябрь-2 айылы боюнча ѳкүлдѳрдүн саны 18 адам.
- Октябрь-3 айылы боюнча ѳкүлдѳрдүн саны 18 адам.
- Сафаровка айылы боюнча ѳкүлдѳрдүн саны 22 адам.
- Сары-Булак айылы боюнча ѳкүлдѳрдүн саны 10 адам.
- Кедей-Арык айылы боюнча ѳкүлдѳрдүн саны 15 адам.
4. Ар бир аймактын бөлүктөрүндө жергиликтүү Ѳкүлчүлүктүү жыйынга ѳкүлдѳрдү шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүү графиги төмөндөгүдөй бекитилсин:
- Октябрь-1, И.Мичурин мектеби, жыйындар залы, Акматова Батма Жакыпбековна, 17.10.2023-ж.саат 16-00;
- Беш-Бала, У.Абдукаимов мектеби, жыйындар залы, Арипова Гульназ Абдылдаевна, 18.10.2023-ж.саат 16-00;
- Багыш, Т.Арзыкулова мектеби, жыйындар залы, Чойгараева Гулбак Кеңешбековна, 19.10.2023-ж.саат 16-00;
- Сафаровка, Ж.Боконбаев мектеби, жыйындар залы, Рахманова Болдукыз Кудайбердиевна, 20.10.2023-ж.саат 16-00;
- Кедей-Арык, Т.Тайгараев мектеби, жыйындар залы, Маматканова Жыпаргул Эргашовна, 22.10.2023-ж.саат 16-00;
- Сары-Булак, Сары-Булак мечити, Бакирова Ыкыбал Ашимовна, 21.10.2023-ж.саат 16-00;
- Октябрь-3, Р.Исманалиев мектеби, жыйындар залы, Давлетова Гулюмкан Осмоналиевна, 22.10.2023-ж.саат 16-00;
- Октябрь-2, Будун атындагы мечит, Тагаева Тарындык Алымбаевич, 23.10.2023-ж.саат 16-00;
-Кызыл-Туу, Т.Арзыкулова мектебинин филиалы, спорт аянтчасы, Назарова Анипа Ахматалиевна, 24.10.2023-ж.саат 16-00.
5. Ѳкүлчүлүктүү жыйынга ѳкүлдѳрдү шайлоо боюнча аймактын бөлүгүндө жыйындарды өткөрүү үчүн жооптуу болуп 9 айылдан шайланган депутаттарга милдеттендирилсин.
6. Ѳкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүнү даярдоо жана уюштуруу боюнча жумушчу топтун курамынын саны 11 (он бир) адам деп бекитилсин жана төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:
- Сейдахматов Ж.О. | - Багыш айылдык кеңешинин тѳрагасы, жумушчу топтун тѳрагасы; |
- Акумбаева М.Р. | - Багыш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы, жумушчу топтун катчысы; |
Жумушчу топтун мүчѳлѳрү:
- Алимбекова Ы.М. | - Багыш айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы; |
- Кожонова А.Ѳ. | - Багыш айыл ѳкмѳтүнүн инвестиция тартуу боюнча башкы адиси; |
- Турдукулова Ч.Р. | - Багыш айыл ѳкмѳтүнүн салыктарды жыйноо боюнча жетектѳѳчү адиси; |
- Ибрагимов Б. | - Жалал-Абад областы боюнча жергиликтүү ѳз алдында башкаруу ассоциациясынын тѳрагасы; |
- Маматканова Ж. | - Багыш айылдык кеңешинин депутаты; |
- Давлетова Г. | - Багыш айылдык кеңешинин депутаты; |
- Жаныбеков М. | - Багыш айыл ѳкмѳтүнүн аксакалдар соту; |
- Ажыматов К. | - Сафаровка айылынын жеке ишкери; |
- Бакиев А. | - Беш-Бала айылынын аксакалы. |
7. Багыш айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү ѳкүлчүлүктүү жыйынды уюштурууга кеткен бардык чыгымдарды каржылоо жагы Багыш айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Н.Самидиновго жүктѳлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
9. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага |
| Ж.Сейдахматов |