К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 35- отурумунун
2023-жылдын 12-сентябры № 35/3
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн Жерге-Тал айылынын тургуну Айылчиева Айнура Ырысмаматовнанын кайрылуусун кароо жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн өкмөтүнүн Жерге-Тал айылынын тургуну Айылчиева Айнура Ырысмаматовнанын кайрылуусунун негизинде тиешелүү иш кагаздарын карап чыгып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-беренесинин 1-пунктуна жана 49-беренесинин 1-6-пунктуна ылайык К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн Жерге-Тал айылынын тургуну Айылчиева Айнура Ырысмаматовнанын К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жерге-Тал айылынынкалктуу конушунун чегинде жайгашкан муниципалдык менчикте турган 700,00 чарчы метр жер аянты көмөкчү чарба түзүүгө жана там арка жер катары пайдаланууга чектелип берилсин.
2.Тиешелүү юридикалык документтерин Айылчиева Айнура Ырысмаматовнанын наамына даярдап берүү жагы Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына, ошондой эле «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Алай филиалына сунуш кылынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жүктөлсүн.
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Л.Койчиев |