БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XXIV-сессиясы
2023-жылдын 05 октябрындагы № 4
Кедей-Арык айылындагы Карагул Тороев көчөсүн асфальттоо иштерине долбоорду каржылоого каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн №01-15/713/1 04.10.2023-жылдагы «Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Кедей-Арык айылындагы Карагул Тороев көчөсүнө асфальт төшөө долбоорун Жалал-Абад областтык Ѳнүктүрүү фондунун эсебинен ишке ашыруу үчүн, Жалал-Абад областтык Ѳнүктүрүү фондунан 13036149 сом, жергиликтүү бюджетинин эсебинен 1400000 сом, жалпы 14436149 сом, Т.Тайгараев мектебинин спорт залына бѳлүнгѳн 1400000 сомду К.Тороев кѳчѳсүнѳ бѳлүп берүү жѳнүндѳ тиешелүү чечим чыгарып берүү жѳнүндѳ» кайрылуусунун негизинде жана Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын сунушун угуп, талкуулап Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Кедей-Арык айылындагы Карагул Тороев көчөсүнө асфальт төшөө долбоорун Жалал-Абад областтык Ѳнүктүрүү фонду эсебинен ишке ашыруу үчүн, жергиликтүү бюджетинин эсебинен Т.Тайгараев мектебине бѳлүнгѳн 1400000(Бир миллион тѳрт жүз миң)сом акча каражаты Карагул Тороев көчөсүнө асфальт төшөө долбооруна бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын өз убагында каржылоо жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
4. Токтом расмий жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага |
| Ж.Сейдахматов |