Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 25-марты ПЖ № 81
2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө
Калктын саламаттыгын сактоо, жарандардын сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу, дене бою бекем жаш муунду гармониялуу тарбиялоо Кыргыз Республикасынын социалдык саясатынын артыкчылыктуу багыттары болуп саналат. Бул максаттарга балдарды, өспүрүмдөрдү жана жаштарды дене тарбия жана спорт менен машыгууга массалык түрдө тартуу шартында гана жетишүүгө болот. Ошону менен бирге азыркы этапта балдардын жана жаштардын дене тарбиясынын жалпы абалы кооптонууну жаратууда.
Ошондуктан инсанды ар тараптуу дене бою жана руханий жактан өнүктүрүүдө, ден соолукту чыңдоодо жана оорулардын алдын алууда, бош убакытты сарамжалдуу өткөрүүдө, заманбап жашоо шарттарына көнүктүрүүдө, дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга болгон муктаждыкты, зыяндуу адаттардан баш тартууну камтыган жаңы баалуу багыттарды калыптандырууда дене тарбия жана спорттун мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга багытталган иш-чараларды жүзөгө ашыруу өзгөчө мааниге ээ болууда.
Футбол дүйнөдө жалпы таанылган номер биринчи спорттун түрү катары Кыргыз Республикасында өткөн кылымдын 30-жылдарынан тартып эле кеңири жайыла баштаган. Бул калк арасында, биринчи кезекте балдар, өспүрүмдөр жана жаштар арасында эң массалык спорттун бири болуп калды. Биздин футбол командаларынын кесиптик жана ышкыбоздук деңгээлдеги спорттук ийгиликтери да жалпыга маалым.
Футболго болгон кызыгуу спорттук гана эмес, социалдык жактан да маанилүү. Бул оюн баңгилик жана компьютердик көз карандылыкты, алкоголизмди, тамеки чегүүнү жана башка зыяндуу адаттарды, ошондой эле жаштардын асоциалдык жүрүм-турумун алдын алуунун жана жеңүүнүн күчтүү каражаты болуп саналат.
Ошону менен бирге эгемендүүлүк жылдарында Кыргыз Республикасындагы футболдун өнүгүшүн талдоо бул чөйрөдө олуттуу көйгөйлөрдүн бар экендигин айгинеледи. Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары футболду өнүктүрүү маселелерине талаптагыдай көңүл бурбай жатышат. Футболду өнүктүрүү үчүн оптималдуу шарттарды камсыз кылууга багытталган чараларды ишке ашыруу тийиштүү натыйжаларды берген жок.
Футболдун азыркы инфраструктурасы жана материалдык-техникалык базасы реконструкциялоого же тез арада капиталдык оңдоого муктаж. Футболдун бардык түрлөрү боюнча машыктыруучулар жана калыстар корпусу негизинен даярдыгынын начар деңгээли менен мүнөздөлөт. Ошону менен бирге футбол матчтарына баруу, футбол клубдарынын финансылык абалынын туруксуздугу чечилбеген бойдон калууда. Балдар жана мектеп футболунун сапаты төмөндөп баратат. Жашаган жери боюнча футболду, айрыкча короодо ойногон футболду өнүктүрүүдөгү салт жоголду. Футбол күйөрмандарынын жүрүм-турум маданиятын тарбиялоо боюнча иштер талаптагыдай көңүл бурулбастан жана пландалбастан жүргүзүлүүдө.
Албетте, Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүү системалуу жана комплекстүү мамилени талап кылат. Ушуга байланыштуу 2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүүнүн улуттук программасын иштеп чыгуу жана кабыл алуу бул чөйрөдөгү болгон көйгөйлөрдү оптималдуу чечүү болуп саналат. Комплекстүү мамиле футболду өнүктүрүүнүн бардык аспекттерин эске алууга, тигил же бул иш-чаралардын артыкчылыгын аныктоого, мамлекеттик бийликтин аткаруу органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда ыйгарым укуктарды жана жоопкерчиликти бөлүштүрүүгө, коомдук уюмдардын, коммерциялык түзүмдөрдүн катышуусун кароого мүмкүндүк берет. Бул ыкма программалык иш-чараларды аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Программанын негизги максаты калктын ар кандай катмарын, өзгөчө балдар менен өспүрүмдөрдү футбол менен үзгүлтүксүз машыгууга массалык түрдө тартуу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү, футболчулардын чеберчилигин жогорулатуу, кесиптик футболду өнүктүрүү, жаштарды сергек жашоого умтулууга тарбиялоо болуп калууга тийиш.
Программанын максаты болуп футболду өнүктүрүүгө байланышкан көйгөйлүү маселелерди чечүү, коомдун турмушунда футболду активдүү жайылтууга көмөктөшүү, калктын ар кайсы катмарына спорт менен машыгуунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, материалдык-техникалык базаны жакшыртуу саналат.
Программалык иш-чаралардын системасын ырааттуу жүзөгө ашыруу коомдук жана башка дене тарбия-спорттук уюмдардын бул иштерге катышуусун активдештирүү менен бирге Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүүгө багытталган иштерди күчөтүүгө өбөлгө түзүшү керек.
Жогоруда баяндалгандарды көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Футболдун массалуулугун жана популярдуулугун, анын калктын ден соолугун чыңдоодогу, эл аралык аренада спорттук байланыштарды кеңейтүүдөгү маанилүү ролун эске алып, ышкыбоздук жана кесиптик футболду өнүктүрүү, анын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, футболчулардын жаңы муунун даярдоо жана тарбиялоо, ата мекендик футболдун эл аралык аброюн жогорулатуу жакынкы он жылдыкта Кыргыз Республикасынын социалдык саясатынын негизги багыттарынын бири катары аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз футбол союзу менен биргеликте 2024-жылдын 1-июлуна чейин 2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүүнүн комплекстүү улуттук программасынын (мындан ары - Программа) долбоорун даярдасын жана бекитүүгө киргизсин, анын ичинде төмөнкү иш-чараларды карасын:
- футболду өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү камсыз кылуу; бардык курактагы топтордун командаларынын катышуусу менен республикада футболдук мелдештерди өткөрүүнүн бирдиктүү системасын киргизүү, футболду жаңы уюштуруу принциптеринде - клубдук негизде андан ары өнүктүрүү; калктын ар кандай катмарын, өзгөчө балдарды жана өспүрүмдөрдү футбол менен үзгүлтүксүз машыгууга массалык түрдө тартуу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү, балдар-өспүрүмдөр мелдештеринин системасын өркүндөтүү, таланттуу спорт жаатындагы жаштарды издөө жана тарбиялоо; калктын футболго туруктуу кызыгуусун калыптандыруу; кыз-келиндер футболун өнүктүрүү;
- Программаны республикалык бюджеттин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринин каражаттарынын эсебинен, ошондой эле бюджеттен тышкаркы булактардын, анын ичинде эл аралык футбол уюмдарынын финансылык жардамдарынын эсебинен каржылоону жүзөгө ашыруу;
- кесиптик футбол клубдарынын уюштуруучулары (менчик ээлери) болуп саналган же Программанын иш-чараларын ишке ашырууда демөөрчүлүк колдоо көрсөткөн юридикалык жактарга салыктык жана башка жеңилдиктерди берүү;
- эл аралык футбол уюмдары - Азия футбол конфедерациясынан (АФК), Эл аралык футбол федерациясынан (ФИФА), ошондой эле чет өлкөлөрдүн улуттук футбол уюмдарынан (ассоциацияларынан), эл аралык демөөрчүлөрдөн, донорлордон келип түшүүчү гранттык, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттар боюнча милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдө Кыргыз футбол союзуна салыктык жана башка жеңилдиктерди берүү;
- белгиленген тартипте түзүлүүчү тизмектер боюнча футбол боюнча спорттук объекттерди, материалдык-техникалык базаны чыңдоо үчүн зарыл болгон Кыргыз Республикасында өндүрүлбөгөн, алынып келүүчү спорттук жабдуулар жана технологиялар, шаймандар, трансляциялоого арналган түзүлүштөр жана техникалар, фармакологиялык продукциялар, спорттук тамактануу, футбол (футзал) талаалары үчүн жасалма газон, гранулдар, атайын клей жана атайын кесиптик спорттук экипировка, атайын техника жана транспорт каражаттары үчүн Кыргыз футбол союзуна, анын региондук бөлүмдөрүнө, Кыргыз кесиптик футбол лигасына жана футбол клубдарына импортко кошумча нарк салыгын төлөөдө жеңилдиктерди берүү;
- Бишкекте Борбордук футбол стадионунун курулушун жүзөгө ашыруу, стадиондорду, спорт залдарын, футбол ойноо үчүн арналган футбол талааларын жана аянтчаларды заманбап талаптарга ылайык келтирүү, футбол талааларын жана жасалма чөп менен капталган аянтчаларды куруу, коомдук жана башка дене тарбия-спорт уюмдарынын бул иш-чараларга катышуусун активдештирүү менен бирге футболду өнүктүрүү процессин мамлекеттик жөнгө салууну күчөтүү, дене тарбия-ден соолукту чыңдоо багытындагы кошумча билим берүү мекемелеринин, спорттук мектептердин бөлүмдөрүнүн, ошондой эле футболду өнүктүрүүчү спорттук клубдардын жана секциялардын тармагын кеңейтүү, футзал (мини-футбол) боюнча мелдештердин системасын өнүктүрүү, спорттук мектептерди жана футбол бөлүмдөрүн окуу-методикалык адабияттар жана жаш футболчуларды даярдоо программалары менен камсыз кылуу;
- футбол боюнча машыктыруучу-окутуучулардын жана машыктыруучу кадрлардын, спорттук медицина адистеринин сапаттык курамын даярдоону камсыз кылуу, футбол боюнча машыктыруучу-окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо, футбол боюнча балдар машыктыруучуларына эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жана дем берүү боюнча чараларды көрүү, республиканын ишканаларында чыгарылган футболдук экипировканын ассортиментин кеңейтүү жана сапатын жакшыртуу, футбол боюнча спорттук резервди жана жогорку класстагы футболчуларды даярдоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, республикалык жана эл аралык мелдештерде футбол командаларынын оюндарынын натыйжаларын жакшыртуу, окуу-машыгуу процессинде алдынкы илимий-методикалык технологияларды иштеп чыгуу жана колдонуу, билим берүү мекемелеринин окуучуларынын футбол менен машыгуусун методикалык жактан камсыз кылууну өркүндөтүү, калктын ар кандай топторун футбол менен активдүү машыгууга тартууга өбөлгө түзүүчү маалыматтык жана жарнамалык иштерди системалаштыруу;
- Программанын аткарылышын контролдоону уюштуруу: Кыргыз футбол союзу, аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Программанын иш-чараларын өз убагында аткаруу, бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу үчүн жоопкерчилик тартат.
3. Заманбап материалдык-техникалык базаны түзүүгө жана футболду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан 500000000 (беш жүз миллион) сом бөлүп, Кыргыз футбол союзуна караштуу Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүү фонду түзүлсүн.
4. Футболду өнүктүрүү фондунун каражаттарын түзүүнүн булагы болуп жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык футбол уюмдары - Азия футбол конфедерациясынын (АФК), Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА), ошондой эле чет өлкөлөрдүн улуттук футбол уюмдарынын (ассоциацияларынын), эл аралык демөөрчүлөрдүн, донорлордун финансылык жардамы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар саналат деп белгиленсин.
5. Кыргыз футбол союзу эки жумалык мөөнөттө Кыргыз футбол союзуна караштуу Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүү фондунун уставын иштеп чыксын жана бекитүүгө киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз футбол союзу менен макулдашуу боюнча эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине спорттук мектептердеги машыктыруучу-окутуучулардын, анын ичинде футбол боюнча машыктыруучулардын эмгек акысын жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдеринин эмгек акысынын деңгээлине ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды киргизсин.
7. Республиканын бардык региондорунда футболду өнүктүрүүгө өзгөчө маани берип, Программаны ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жүктөлсүн.
8. Футбол федерациясынын облустардагы, Бишкек жана Ош шаарларындагы коомдук башталыштагы жетекчилери болуп тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери эсептелет деп белгиленсин.
9. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги өлкөдөгү массалык футбол кыймылын өнүктүрүү маселелерин, мыкты футбол клубдарынын, спорттук мектептердин, дене тарбия жамааттарынын, футбол боюнча адистердин жана машыктыруучулардын ишин жалпыга маалымдоо каражаттарында үзгүлтүксүз жана кеңири чагылдырып турсун.
10. Футбол сезонунун жыйынтыгы боюнча журналисттик сурамжылоонун негизинде берилүүчү жылдын мыкты футболчусуна жана жылдын мыкты машыктыруучусуна Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын сыйлыгы уюштурулсун.
11. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
12. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-мартындагы № 23 (3576) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
| С.Н. Жапаров |