БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XXIV-сессиясы
2023-жылдын 05 октябрындагы № 7
Багыш айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 21.09.2023-жылдагы №559-т тескемесине ылайык бѳлүнүп берилген 8130,7 миң сом максаттуу трансфертти зарыл чыгымдарга бөлүштүрүү жөнүндө
Багыш айыл өкмөтүнүн №01-15/700 27.09.2023-жылдагы “Багыш айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 21.09.2023-жылдагы №559-т тескемесине ылайык бѳлүнүп берилген 8130,7 миң сом максаттуу трансфертти зарыл чыгымдарга бөлүштүрүү жөнүндө” кайрылуусун жана Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципиалдык менчик, инвентиция, ишкердик, транспорт,кызмат кѳрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын протоколудук чечимин карап, талкуулап Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 70629-Турак Жай бөлүмү: 8130,7 миң сом
- 3111 статьясына 8130,7 мин сом Октябрь айылынын С.Укеев кѳчѳсүнѳ узундугу 1515 метрге асфальт тѳшѳѳ иштерине бѳлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Самидиновго жүктөлсун.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагын ѳзүмѳ калтырам.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага |
| Ж.Сейдахматов |