Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 05 октябрындагы № 8
Багыш айыл өкмөтүнүн №1-15/694 26.09.2023-жылдагы «Беш-Бала айылындагы жаңы кѳчѳгѳ Жээналиев Курманалынын ысымын ыйгаруу жѳнүндѳ» кайрылуусун кароо жөнүндө
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн №1-15/694 26.09.2023-жылдагы «Беш-Бала айылындагы жаңы кѳчѳгѳ Жээналиев Курманалынын ысымын ыйгаруу жѳнүндѳ» кайрылуусун жана Багыш айылдык Кеңешинин Социалдык, коомдук жана эл аралык менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 28.09.2023-жылдагы протоколдук чечимин угуп, талкуулап Багыш айылдык кеңеши токтом кылат :
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Беш-Бала айылындагы жаңы кѳчѳгѳ коомдук ишмер Жээналиев Курмалынын ысымы ыйгарылсын.
2. Токтомду аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Ж.Самидиновго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Багыш айылдык Кеңешинин Социалдык, коомдук жана эл аралык менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрайымы Ж.Маматканова жүктѳлсүн.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага |
| Ж.Сейдахматов |