Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV отуруму
2022-жылдын 19-декбры № 15/4
Ленин айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү эрежелери боюнча жаңы түзүлгөн редакциясын бекитүү жөнүндө
2022-жылдын 10-октябрындагы Ленин айыл өкмөтүнүн №01-19/713-1 катын жана Ленин айыл өкмөтүнүн көрктөңдүрүү эрежелери боюнча жаныдан түзүлгөн редакциясын карап жана талкуулап чыгып,айыл аймагын жыйнап,кызматтарды санитардык тазалоону координациялоо максатында,Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндөгү”Жарлыгын жетекчиликке алуу менен,Ленин айылдык Кеңешинин отуруму
токтом кылат:
1.Ленин айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү эрежелери боюнча жаңы түзүлгөн редакциясы бекитилсин.
2.Ленин айыл өкмөтүнүн көктөндүрүү эрежелери боюнча жаңы түзүлгөн редакциясы айыл өкмөтүнүн кызматкерлери аркылуу айылдарга жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Артыковго тапшырылсын.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | Орозали уулу Таалайбек |
Ленин айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV отурумунун 2022-жылдын 19-декабрындагы №15/4 токтомуна тиркеме №1
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрь ПЖ №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө “ Жарлыгын жетекчиликке жана аткарууга түзүлгөн Ленин айыл өкмөтүнүн аймагын көрктөңдүрүү ылайык иш-чаранын планы
№ | Иш-чаранын мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуулар |
1 | Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду айылынын Кара-Мойнок участкасындагы таштанды таштоочу жайдын тиешелүү документтерин бүткөрүү жана аталган таштанды таштоочу жайды ачууга даярдоо | 2023-жылдын февраль айы | Жерге жайгаштыруу жана ӨКМ адиси Д.Түгөлбаев |
2 | Жаз-Күз мезгилдеринде Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык жерлерде жыйнап тазалоо,ишембиликтерди өткөрүү | Жыл сайын жаз,күз мезгилдеринде | Айыл башчылар,бардык мекеме жетекчилери |
3 | Көрктөндүрүү,жашылдандыруу жана тазалыкты камсыздоо | Жыл сайын жаз мезгилинде | Айыл башчылар,бардык мекеме жетекчилери |
4 | Бак-дарактарды кармоо жана багуу,эгилген көчөттөрдү коргоо | Ар дайым | Айыл башчылар,бардык мекеме жетекчилери |
5 | Ар кандай багыттагы объектилерди долбоорлордо жана курууда бак дарактардын корголушун камсыздоо | Ар дайым | Айыл башчылар,бардык мекеме жетекчилери |
6 | Ленин айыл өкмөтүнүн аймагын көрктөңдүрүү эрежелерин элге жайылтуу жана жарандар тарабынан эреженин бузулуусунун алдын алуу | Ар дайым | Айыл башчылар,бардык мекеме жетекчилери |
Жооптуу катчы З.Дубанаева