Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXIX сессия
2024-жыл 29-март №3
“Жалал-Абад шаардык мэриясынын Жобосун бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабырындаы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобонун негизинде, Жалал-Абад шаардык мэриясынын 11.03.2024-жылдагы чыг.№01-19/1129 сандуу катты Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, регламент, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясында карап чыгып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин кезексиз XXXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Сузак районунун Таш-Булак айылдык Округунун Таш-Булак айыл Окмоту” Мекемесин «Жалал-Абад шаардык мэриясы” мекемесине кошуу жолу менен кайра түзүлсүн.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
-Мамлекеттик тилде: “Жалал-Абад шаарынын мэриясы” мекемеси.
-Расмий тилде: Учреждение “Мэрия города Жалал-Абад”.
Юридикалык жактын кыскартылган фирмалык аталышы:
-Мамлекеттик тилде: “Жалал-Абад шаарынын мэриясы” м-и.
-Расмий тилде: У-е “Мэрия города Жалал-Абад”.
2.“Жалал-Абад шаарынын мэриясы” мекемесине өткөрүп берүү актысы бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. “Жалал-Абад шаарынын мэриясы” мекемесинин Жобосу №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. “Жалал-Абад шаарынын мэриясы” мекемесинин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Жусупбек Бакиев көчөсү №38 болуп аныкталсын.
5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
6. Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган докуметтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
7. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кеңештин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, регламент, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
9. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: |
Н.Орозбаев |