Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 26-декабры № 715
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-августундагы № 84 "Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын 1, 3-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жободо:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11. Ушул Жобо мамлекеттик менчикте турган, атайын каражаттардын эсебинен сатып алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 243 "Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык өзгөчө статуска ээ болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларына оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген жер участокторун ижарага берүү маселелерин жөнгө салбайт.
Аталган жогорку окуу жайлар көзөмөлчүлүк кеңештер менен макулдашуу боюнча өз алдынча мындай жер участокторун ижарага берүү тартибин жана шарттарын аныктайт.";
2) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу максатында үчүнчү жактардын жана мамлекеттик жер пайдалануучулардын укуктарынан эркин болгон жер участокторун убактылуу пайдаланууга берүү тартиби ушул Жобонун 51-главасына ылайык жүзөгө ашырылат.";
3) 5-пунктта "559-пунктуна" деген сөздөр "43-главасына" деген сөздөргө алмаштырылсын";
4) 6-пунктта:
- "а" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- соода рыногунун (соода ишканасынын) дирекциясы тарабынан берилген жер участокторунда соода ишин жүргүзүү үчүн;";
- "в" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"в) мамлекеттик жер пайдалануучулардын пайдалануусунда турган жер участоктору - он беш жылга:
- темир жол тармагын өнүктүрүүгө багытталган имараттарды, курулмаларды долбоорлоо, куруу жана аларды эксплуатациялоо үчүн;
- ижара келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин курулган капиталдык курулушту мамлекеттик жер пайдалануучулардын балансына өткөрүп берүү менен имараттарды, курулмаларды долбоорлоо, куруу үчүн;";
- "г" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- ушул Жобонун 5510-пунктунун 2-пунктчасында каралган учурларда түз берүү жолу менен берилген жер участоктору.";
5) 10-пунктта:
- бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мамлекеттик жер пайдалануучу - жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга алган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалары, мекемелери, ошондой эле уставдык капиталында мамлекеттин жүз пайыз катышуусу менен, Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруучу, калктуу конуштун чегинен жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга алган мамлекеттик ипотекалык турак жайды кредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;";
- он биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ижаранын баштапкы өлчөмү - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган, жер участогуна ижара келишимин түзүү укугуна аукцион башталуучу ар айлык ижара акысынын баштапкы өлчөмү;";
- төмөнкүдөй мазмундагы жыйырманчы-жыйырма экинчи абзацтар менен толукталсын:
"мамлекеттик милдеттер - Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу, анын ичинде мамлекеттик стратегиялык документтерде каралган милдеттер;
ижаранын минималдуу өлчөмү - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган, жер участогуна ижара келишимин түзүү укугуна конкурс башталуучу ар айлык ижара акысынын баштапкы өлчөмү;
ижаранын жеңилдетилген өлчөмү - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган, ушул Жободо каралган учурларда жер участогуна ижара келишимин түзүүдө колдонулуучу ар айлык ижара акысынын өлчөмү.";
6) 111-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"111. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-статьясынын 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети башка мамлекеттик жер пайдалануучуга, уставдык капиталында контролдук мамлекеттик пакети (катышуу үлүшү) бар чарбалык коомго, анын туунду чарбалык коомуна түздөн-түз берүү жолу менен мамлекеттик жер пайдалануучунун пайдалануусунда турган жер участогун 49 жылга чейинки мөөнөткө акысыз пайдаланууга төмөнкүдөй максаттар үчүн берүүгө укуктуу: мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар, өнөр жай өндүрүшү үчүн, коргонуу, суу чарба, транспорт, энергетика, байланыш муктаждыктары жана башка багыттагы, мамлекеттик турак үйлөрдү куруу, жаратылышты коргоо, ден соолукту чыңдоо, рекреациялык жана тарыхый-маданий багыттагы курулуштар үчүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка максаттар үчүн.";
7) 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тейлеген мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча мамлекеттик жер пайдалануучу тарабынан табыштама берүүнү демилгелөөгө укуктуу.";
8) 43-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"43. Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун түз берүү
559. Мамлекеттик менчикте турган жер участоктору түз ижарага берүү, акысыз мөөнөттүү пайдалануу же мөөнөтсүз пайдалануу жолу менен берилет.
5510. Түз берүү жолу менен ижарага төмөнкүлөр берилет:
1) мамлекеттик жер пайдалануучулардын жер участоктору үч жылга чейинки мөөнөткө:
- мамлекеттик жер пайдалануучулар - соода рыногунун (соода ишканасынын) дирекциясы тарабынан соода ишин жүзөгө ашыруу үчүн;
- мамлекеттик жер пайдалануучу тарабынан жеке менчикте турган темир жолдордун иштеп жаткан курулмалары үчүн бөлүнгөн тилкенин бөлүгүн;
- мамлекеттик жер пайдалануучу тарабынан жол жана жол жээгиндеги сервис объекттери үчүн жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна бөлүнгөн тилкенин жана жол боюндагы тилкенин бир бөлүгүн;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча 49 жылга чейинки мөөнөткө:
- мамлекеттик жер пайдалануучулардын социалдык маанилүү объекттерди (мектепке чейинки билим берүү - 0,75 га чейин, мектептик билим берүү, спорттук багыттагы, саламаттык сактоо, туризм жана маданий багыттагы имараттар жана жайлар) куруу үчүн бир миллиард сомдон ашык салымдары менен жер участоктору;
- үчүнчү жактардын укуктарынан эркин болгон жер участоктору - ушул Жобонун 78-пунктуна ылайык чет өлкөлүк жак болуп саналган конкурстун жеңүүчүсүнө;
- ижара келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин курулган имараттарды, курулмаларды мамлекеттин менчигине акысыз берүүнүн милдеттүү шартында жеңилдетилген ижара акысын аныктоо менен социалдык маанилүү объекттерди (мектепке чейинки билим берүү - 0,75 га чейин, мектептик билим берүү, спорттук багыттагы, саламаттык сактоо, туризм жана маданият багытындагы имараттар жана жайлар) курууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29-статьясынын 5-пунктуна ылайык калктуу конуштардын аймагында жайгашкан үчүнчү жактардын укуктарынан эркин болгон жер участоктору;
5511. Ушул Жобонун 55-10-пунктуна ылайык берилген жер участогун пайдалануу үчүн ижара акысын төлөөнүн өлчөмү, тартиби жана шарттары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
5512. Ижара келишиминин мөөнөтү бүткөнгө чейин бир айдан кечиктирбестен өз милдеттерин талаптагыдай аткарган ижарага берүүчү жана ижарачы ижара келишиминин мөөнөтүн колдонуудагы ижара келишимине кошумча макулдашуу түзүү жолу менен узарта алат.
5513. Ушул Жобого ылайык түз берүү жолу менен түзүлгөн ижара келишиминин мөөнөтү жана/же мындай ижара келишимин узартуу жөнүндө кошумча макулдашуунун мөөнөтү аяктагандан кийин, ижарачы ижара акысынын жогорулатылган өлчөмүнөн баш тарткан учурда, мурдагы ижарачы менен ижара келишимине караганда жогору, бирок мурдагы ижарачыга сунушталган ижара акысынын өлчөмүнөн кем эмес ижара акысы белгиленген учурда ижарага берүүчү башка ижарачы менен ижара келишимин түзүүгө укуктуу.
5514. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча мамлекеттин менчигинде турган жер участоктору түз берүү жолу менен төмөнкүдөй берилет:
1) Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29-статьясынын 7-пунктуна ылайык мамлекеттик маанидеги объекттерди куруу жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасы чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган мамлекеттик милдеттерди ишке ашыруу үчүн алмашуу жолу менен тооруктарды өткөрбөстөн мөөнөтсүз пайдаланууга;
2) калктуу конуштун чегинде - Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29-статьясынын 8-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруу максатында уставдык капиталында мамлекеттин жүз пайыз катышуусу менен мамлекеттик ипотекалык турак жайды кредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мөөнөтсүз пайдаланууга;
3) Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29-статьясынын 9-пунктуна ылайык мамлекеттик маанидеги объекттерди куруу чөйрөсүндө жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик милдеттерди ишке ашыруу үчүн жүз пайыз мамлекеттик үлүшү бар мамлекеттик жер пайдалануучуга, чарбалык коомго акысыз негизде мөөнөттүү (убактылуу) же мөөнөтсүз пайдаланууга.";
9) төмөнкүдөй мазмундагы 51-глава менен толукталсын:
"51. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында жер участогун берүү тартиби
641. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында үчүнчү жактардын укуктарынан эркин болгон же мамлекеттик жер пайдалануучулардын пайдалануусунда турган мамлекеттик жер участогу жеке өнөккө же негизги иши МЖӨ долбоорун ишке ашыруу болуп саналган долбоордук компанияга (мындан ары - долбоордук компания) убактылуу ижаралык пайдаланууга берилиши мүмкүн.
642. МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик жер участогу жеке өнөккө жана (же) долбоордук компанияга жер участогунун аянтына карабастан тоорук өткөрбөстөн ижарага берилет.
643. МЖӨ долбоорун ишке ашыруу максатында жер участогун ижарага берүүнүн шарттары мамлекеттик менчикте турган жер участогуна ижара келишиминин ушул Жобонун 3-тиркемесинде көрсөтүлгөн типтүү формасын сактабастан МЖӨ жөнүндө макулдашууда көрсөтүлөт.
Жеке өнөк МЖӨ жөнүндө макулдашуу колдонулган мөөнөттүн ичинде мамлекеттик өнөктүн алдын ала макулдугу менен долбоордук компанияга өзүнүн укуктарын жана милдеттерин өткөрүп берүүгө укуктуу.
644. Жер участогун ижаралоо мөөнөтү МЖӨ жөнүндө макулдашуу менен белгиленет бирок ушул Жобонун 6-пунктунун "г" пунктчасында белгиленген мөөнөттөн ашпоого тийиш.
645. МЖӨ жөнүндө макулдашуунун алкагында жеке өнөккө жер участогун берүү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык ижарага берилүүчү жер участогуна карата төлөнүүгө тийиш болгон жер салыгынын жылдык суммасынын өлчөмүндө жеңилдетилген ижара акысын (жыл үчүн) белгилөө менен ишке ашырылат. Ижара акысынын өлчөмү, аны төгүү тартиби жана мөөнөтү МЖӨ жөнүндө макулдашууда көрсөтүлүүгө тийиш.
МЖӨ жөнүндө макулдашууда МЖӨ объектин долбоорлоо жана куруу мезгилине ижара акысын төлөөдөн бошотуу каралышы мүмкүн.
Жер участогу үчүн ижара акысынан тышкары жеке өнөктөш же долбоордук компания тарабынан ижара төлөмдөрүн төлөөдөн бошотуу жөнүндө шарттардын болушуна карабастан жарандык мыйзамдарда белгиленген салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр төлөнүүгө тийиш.
646. МЖӨ жөнүндө түзүлгөн макулдашуу боюнча ижара акысынын өлчөмүн өзгөртүү тараптардын макулдашуусу боюнча гана жүргүзүлөт. Ижара акысынын өлчөмүн өзгөртүү тартиби жана шарттары МЖӨ жөнүндө макулдашуу менен аныкталат.
647. Эгерде жер участогунда бузулууга (демонтаждалууга) тийиш болгон курулуштар жана курулмалар (капиталдык мүнөздөгү, жеңил конструкцияларда же жеңилдетилген типтеги) жайгашкан учурда, бул курулуштардын жана курулмалардын абалына карабастан, курулуштарды жана курулмаларды бузуу (демонтаждоо) мамлекеттик өнөк тарабынан жүзөгө ашырылат.
МЖӨ жөнүндө макулдашууда жеке өнөк тарабынан курулуштарды жана курулмаларды бузуу (демонтаждоо) боюнча шарттар каралышы мүмкүн. Мында мамлекеттик өнөк курулуштарды жана курулмаларды бузууга (демонтаждоого) бардык тиешелүү документтерди тариздөөнү камсыз кылууга милдеттүү.
648. Жер участогун кайтарып берүү шарттары, анын ичинде МЖӨ жөнүндө макулдашуу мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда, МЖӨ жөнүндө макулдашуу менен белгиленет.";
10) 66-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"66. Конкурсту демилгелөө жер участогунун аймактык таандыктыгы боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан өз демилгеси боюнча же кызыкдар жактын арызы боюнча жүзөгө ашырылат.";
11) 70-пункттун үчүнчү абзацында "өлчөмүн" деген сөз "минималдуу өлчөмүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 77-пунктта:
- он экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Конкурс өткөн жок деп таанылган учурда райондук комиссия конкурсту кайталап жарыялоо жөнүндө чечим кабыл алат. Эгерде конкурс кайрадан жарыяланганда конкурс биринчи жолу жарыяланганда берилген бир гана арыз берилсе, анда конкурс бир арыз ээсинин катышуусу менен өткөрүлөт. Мындай учурда ижара келишиминде ижара акысы жер участогун пайдалануу үчүн ижара акысынын минималдуу өлчөмүнүн суммасында көрсөтүлөт, ага 10 пайыз кошулат.";
- он тогузунчу абзацта "конкурстун жеңүүчүсүнө" деген сөздөр "ижарачыга" деген сөзгө алмаштырылсын;
13) 78-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Конкурстун жеңүүчүсү чет өлкөлүк жак деп таанылган учурда жергиликтүү мамлекеттик администрация жер участогун ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун демилгелейт.";
14) 81-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоого негиз болгон конкурстук шарттар ижарачынын милдеттенмелери катары ижара келишимине киргизилүүгө тийиш.";
15) 86-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ижарачы жер участогун конкурстун шарттарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган же жер участогун максатсыз пайдаланган учурда ижара келишиминин шарттарын бузуу менен пайдаланса;";
16) 97-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"97. Жер участогуна ижара келишимин түзүү укугуна аукцион башталуучу баштапкы ижара акысынын өлчөмү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген нускамага ылайык аныкталат.
Жер участогуна ижара келишимин түзүү укугуна конкурс башталуучу минималдуу ижара акысынын өлчөмү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген нускамага ылайык аныкталат.
Конкурс боюнча жер бергендиги үчүн ар айлык ижара акысынын минималдуу өлчөмү жер салыгынын эки эселенген ставкасынан ашпоого тийиш.
Ушул Жобонун 55-10-пунктунун 2-пунктчасынын төртүнчү абзацына ылайык социалдык маанилүү объекттерди (мектеп, мектепке чейинки, спорттук багыттагы, саламаттык сактоо багытындагы имараттар жана жайлар,) курууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу максатында берилген жер участогун пайдалануу үчүн жеңилдетилген ижара акысынын өлчөмү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен нускамага ылайык баштапкы ижара акысынын өлчөмүнүн 50%дан ашпаган суммасында аныкталат.
Түз ижарага берүү жолу менен түзүлгөн келишимдер боюнча ижара акысынын өлчөмүн өзгөртүү ижара акысын эсептөө тартиби өзгөргөн учурда бир тараптуу тартипте жүргүзүлөт.
Ижарага түз берүү жолу менен түзүлгөн келишимдер боюнча ижара акысын кайра эсептөөнүн зарылдыгы жөнүндө кабарлоону ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ижарага берүүчүгө ижара акысын эсептөө тартибин өзгөртүү жөнүндө чечим күчүнө кирген күндөн тартып он беш күндөн кечиктирбестен жиберет. Ижара акысынын жаңы өлчөмү ижара акысынын өлчөмүн өзгөртүү жөнүндө ижара келишимине кошумча макулдашуу катталган күндөн тартып белгиленет. Ижарачы ижара акысынын өлчөмүн өзгөртүүгө макул болбогон учурда ижара келишими бузулат.";
17) 98, 99-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
18) жогоруда аталган Жобонун 3-тиркемесинде:
- 14-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) жер участогун Ижара келишиминин шарттарын бузуу менен пайдаланса, анын ичинде конкурстун шарттарын аткарбаган, талаптагыдай эмес аткарган же жер участогун максатсыз пайдаланган учурда;".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 823 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында жеке өнөктөргө мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда жер участогун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |