Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI отуруму
2023жылдын 24-январы № 16/1
Ленин айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планын 2022-жылга аткарылышы, 2023-жылга милдеттери жана 2024-2025-жылдарга болжолдуу пландарын бекитүү
Ленин айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планын 2022-жылдагы аткарылышы жана 2023-жылга милдеттери, 2024-2025-жылдарга болжолдуу пландарын бекитүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Артыковдун 2023-жылдын 24-январындагы билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ленин айылдык Кеңеши
токтом кылат:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планын 2022-жылдагы аткарылгандыгы белгиленсин.
2.Ленин айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планын 2023-жылга бекитүү жана 2024-2025-жылдарга болжолдуу планы бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн планын ишке ашыруутиешелүү кызматкерлерине жана айыл өкмөт башчысы Б.Артыковго милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын тескөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басарына жана туруктуу комиссияларынын төрага,төрайымдарына жүктөлсүн.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | Орозали уулу Таалайбек |