Редакцияот 24.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI отуруму

2023-жылдын 24-январы № 16/4

Ленин айыл өкмөтүнүн  2022-жылдагы жергиликтүү  бюджетинин  атайын каражат бөлүгүнөн 104,6миң сом калган калдык акча каражатын 2023-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө

Ленин айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин  атайын каражат бөлүгүнөн 104,6миң сом калган  калдык акча каражатын 2023-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Ленин айылдык Кеңешинин  бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Байышбек уулу Урматбектин жана айыл өкмөтүнүн башчысы  Б.Артыковдун 2023-жылдын 24-январындагы  билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап , Ленин  айылдык Кеңеши 

 

токтом кылат:

1. Ленин айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин атайын каражат бөлүгүнөн  104,6 миң сом калган калдык акча каражатын 2023-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Ленин айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Байышбек уулу Урматбектин жана айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Артыковдун  билдирүүлөрү эске алынсын                                                                                                                                                                                                                                                                           2. Ленин айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин атайын каражат бөлүгүнөн 104,6 миң сом калган калдык акча каражаты төмөндөгү беренелерге   иштетилсин.

Аталышы

Бөлүк

Берене

Сумма                      (миңсом)

Балдар бакчасы

70911

22211100

35,0

Балдар бакчасы

70911

31123290

69,6

 

 

 

 

Жыйынтыгы:

104,6

 

3. Атайын каражаттын 2022-жылдан калган калдык акча каражатын 2023-жылдын сметасынын чыгаша бөлүгүнүн керектелүүчү беренесине отургузуп,тиешелүү эсептерди түзүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Мамановко жүктөсүн.

4.  Акча каражатын иштетүүгө уруксат берүү   Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Алай финансы  башкармалыгынан суралсын.

 5.  Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы  бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана   айыл өкмөтүнүн башчысы   Б.Артыковго милдеттендирилсин.                                                                                                                 

         

Ленин айылдык кеңешинин төрагасы:

 Орозали уулу Таалайбек