Редакцияот 05.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКТОМ

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXVII СЕССИЯСЫ

 

2023-жылдын  5-октябры   №155/27-5

 

 Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 101/20-5 “Токмок шаарында автотранспорт каражаттарын акы төлөнүүчү токтотуучу жайларга жаңы тарифтерди бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Токмок шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 10-августундагы №1-22/2403 катынын, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын  жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 101/20-5 “Токмок шаарында автотранспорт каражаттарын акы төлөнүүчү токтотуучу жайларга жаңы тарифтерин бекитүү жөнүндө” токтомунун 1-бөлүгүнүн 6-абзацына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-“200,0 сом” деген цифра “жүк ташуучу унааларга – 100,0 сом, жеңил авто уналарга – 50,0 сом” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2.Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына басылып чыгарылсын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Т.М. Сансызбаев