Редакцияот 24.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2025-жылдын 24-январындагы №9 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXIX сессия

 

2024-жыл 29-март №11

 

“Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агентигинин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө”

      Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик” жөнүндө Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэри Э.Ормоковдун сунушун эске алып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XXXIX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 07.09.2023-жылдагы кезектеги XXXI сессиясынын №8-токтомунун №1-тиркемесиндеги 8-пункту жокко чыгарылсын.

2.    Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков проспектисинин №42 дарегинде жайгашкан 1680 чарчы метр жер аянты имараты менен (идентификациялык номери 3-10-02-0005-1636) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агентигинин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

3.    Мүлктөрдү өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен Жалал-Абад шаарынын мэриясына жана Муниципалдык менчик башкармалыгына милдеттендирилсин.

4.    Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.

5.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

6.    Ушул токтом Жалал-Абад  шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Төрага:

 

Н.Орозбаев