Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 2-апрели № 73
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 35-берененин 1-бөлүгүнүн 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11) мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү сот актысы менен ырасталган чечимдерди кошпогондо, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, төмөн турган прокурордун мыйзамсыз жана негизсиз чечимдерин жокко чыгарууга, иш боюнча өндүрүштү токтотуп туруу, кыскартуу жөнүндө токтомдорду чыгарууга;";
2) 260-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү сот актысы менен ырасталган кыскартылган иш боюнча өндүрүштү прокурордун кайра баштоосуна жол берилбейт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 26 (3579) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 22-февралында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |