Редакцияот 21.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясынын

 

2023-жылдын 21-июлундагы № 71

 

“Ак-Жар айыл өкмөтүнүн аймагында салык жана салык эмес киреше төлөмдөрүн бекитүү жөнундө”

Ак- Жар айылдык кеңеши Ак- Жар айыл өкмөтүнүн “Жер жана жерге жайгаштыруу боюнча адиси” Б. Кыдыргычевтин маалыматын угуп талкуулап

 

Токтом кылат

 

1. Ак- Жар айыл өкмөтүндөгү КБФнын эсебиндеги 1,0 га жер аянттарынын баштапкы аренда баасы төмөнкү өлчөмдө бекитилсин.

-        Шалы - 14845 сом

-        Сугат айдоо – 9899 сом

-        Кайрак айдоо – 1326 сом

-        Чөп ормо – 674 сом

2. Ак- Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү салык боюнча тарифи:

-        Таштанды чыгаруудан алынуучу салык 40 сом

-        Мекеме уюмдардын, жеке ишкерлердин иштеген адамдын санына карата таштанды чыгаруу салыгы ар бир адамга 100 сом өлчөмүндо бекитилсин.

-        Кыргыз республикасынын салык кодексине ылайык Ак- Жар айыл өкмөтүнүн мүлк салыгынын зоналык коэфиценти 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.

3. Ак- Жар айыл өкмөтүнүн мүлк салыктары 2024- жылдын 1- январынан тартып жергиликтүү бюджетинин эсебинде калтырылсын.

4. Аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өмөтбашчысына милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджеттик жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Турдали у. К.