КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-ноябры № 614
Көп батирлүү үйлөрдү жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин курууга жеке же юридикалык жактардын финансылык каражаттарын тартуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Көп батирлүү үйлөрдүн жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттеринин курулушунун катышуучуларына кепилдиктерди камсыз кылуу жана заказчылардын жана куруучулардын куруу ниеттерин ийгиликтүү жана ак ниет ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Көп батирлүү үйлөрдү жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин курууга жеке же юридикалык жактардын финансылык каражаттарын тартуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| А.Жапаров |