Загрузка документа…
|
| |
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 614 токтомуна) |
Көп батирлүү үйлөрдү жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин курууга жеке же юридикалык жактардын финансылык каражаттарын тартуунун тартиби жана шарттары жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-апрелиндеги N 147 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо заказчы (куруучу) тарабынан жеке жана юридикалык жактардын финансылык каражаттарын тартуу менен көп батирлүү үйлөрдү жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин курууну жүзөгө ашыруунун шарттарын аныктайт.
1-1. Ушул Жобонун ченемдери ипотекалык турак жай кредитин берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылуучу мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында үлүштүк каржылоо механизмдерин пайдалануу менен турак жайды курууга жайылтылбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-апрелиндеги N 147 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул Жобонун максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) башкы подрядчы - тиешелүү уруксат берүүчү документтери, анын ичинде лицензиясы бар курулуш уюму, ал заказчы (куруучу) менен түзүлгөн келишимдин негизинде (заказчы (куруучу) бир эле юридикалык жак же жеке ишкер болуп эсептелгенден башка учурларда) зарылдыгына жараша курулуш объектинин долбооруна ылайык жана курулуш объектин куруу боюнча башкы подрядчы менен келишим боюнча жумуштардын атайын же айрым түрлөрүнүн бөлүгүн, анын ичинде курулуш объектин эксплуатацияга берүү иштерин аткарган башка уюмдарды субподрядчы катары тартуу менен курулуш объектинин долбоорунда жана объектти куруу боюнча келишимде каралган бардык иштерди аткарат;
2) объекттин курулуш иштерин жүргүзүү графиги - курулуш объектинин долбооруна ылайык курулуш-монтаждоо иштеринин толук тизмеси, алардын ырааттуулугу жана ишке ашыруу мөөнөттөрү;
3) курулуш объектинин предметине карата түзүлүүчү келишимдер (мындан ары - келишим) - заказчы (куруучу) менен жеке же юридикалык жактын ортосунда төмөнкүдөй түрдө жазуу жүзүндө түзүлгөн келишимдер:
- курулуш объектин куруу этабында алдын ала келишимдин жана андан кийин курулуш объектинин курулуш иштери аяктагандан кийин, курулуш объекти эксплуатацияга берилгенден кийин жана аны кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо органдарында жана алар менен болгон бүтүмдөрдү жол-жоболоштургандан кийин курулуш объектинин предметин кардардын менчигине сатуу жөнүндө негизги келишим түрүндө түзүлүүчү;
- же Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык курулуш объектинин предметине түзүлүүчү келишимдердин башка формаларында;
4) заказчы (куруучу) - Реестрге киргизилген, курулуш объекти эксплуатацияга берилгенге чейин курулуш объектине кардарлардын каражаттарын тартуу укугуна ээ болгон жана белгилүү бир жер участогунда курулуш объекти боюнча курулуш иштерин жүргүзүү үчүн уруксат берүүчү документтери бар бир же бир нече юридикалык жактар же жеке ишкерлер;
5) кардар - бул курулуш объекти эксплуатацияга берилгенге чейин курулуш объектинин бир же бир нече предметин менчикке өткөрүү максатында заказчы (куруучу) менен келишим түзгөн жеке же юридикалык жак;
6) курулуш объекти - турак жана турак эмес жайлардан жана жалпы пайдалануудагы жерлерден турган көп батирлүү үйлөр жана (же) өзүнчө курулган, ошондой эле кварталдын, кичи райондун же пландоо түзүмүнүн башка элементинин курулушуна кирген коммерциялык жана коммерциялык эмес объекттерди (коомдук-маданий, административдик-ишкердик, соода-тиричилик имараттары жана курулмалары) куруу менен байланышкан кыймылсыз мүлктүн башка объекттери;
7) курулуш объектинин предмети - келишимдерде каралган шарттарда кардарлар тарабынан сатып алынуучу курулуш объектинин турак жана турак эмес жайлары;
8) долбоордук жалпы аянт - курулуш объекти эксплуатацияга берилгенге чейин курулуш объектинин долбоорунда көрсөтүлгөн турак жана турак эмес жайлардын, ошондой эле курулуш объектинин жалпы пайдалануудагы жайларынын жалпы аянттарынын суммасы;
9) курулуш объектинин долбоору - кандайдыр бир имаратты, курулманы же алардын комплексин куруу боюнча алдын ала даярдалган, техникалык жана экономикалык эсептөөлөр менен негизделген жана графикалык жактан сүрөттөлгөн чечим;
10) курулуп жаткан объекттердин реестри (мындан ары - Реестр) - курулуш объекттери жөнүндө, курулуш объектине кардарлардын финансылык каражаттарын тартуучу заказчылар (куруучулар) жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде башкы подрядчы жөнүндө, ошондой эле мамлекеттик экспертизалардын бар экендиги жөнүндө жана көйгөйлүү курулуш объекттери жөнүндө маалыматтарды камтыган бирдиктүү электрондук маалымат базасы;
11) курулуш объектинин предметинин наркы - заказчы (куруучу) келишимде көрсөтүлгөн курулуш объектинин предметин кардарга сата турган баа;
12) субподрядчы - башкы подрядчы (куруучу) менен түзүлгөн келишимге ылайык курулуш объектин куруу боюнча жумуштардын атайын же айрым түрлөрүн аткаруучу юридикалык же жеке жак, жеке ишкер;
13) заказчыны (куруучуну) финансылык камсыз кылуу - жеке ишкердин өздүк акча каражаттары менен ырасталган юридикалык жактын түзүлгөн уставдык капиталынын өлчөмү менен аныкталуучу, ишкердик ишти жүргүзүү үчүн пайдаланылуучу заказчынын (куруучунун) өздүк каражаттары;
14) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жана анын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрү.
3. Кыймылсыз мүлк объектин курууда юридикалык жак бир эле учурда курулуштун бир объектинде заказчы (куруучу) жана башкы подрядчы боло алат жана юридикалык жакка жана жеке ишкерге берилген тиешелүү уруксат берүүчү документтери, тиешелүү мамлекеттик орган бекиткен курулуш объектинин долбоору жана башка уруксат берүүчү документтери болгондо ушул курулуш объектин өз күчү менен курууну жүзөгө ашыра алат.
2-глава. Курулуп жаткан объекттердин реестрин жүргүзүү тартиби
4. Реестрди жүргүзүү, анын ичинде заказчыларды (куруучуларды) Реестрге киргизүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул Жободо аныкталган жол-жоболорго ылайык электрондук платформа аркылуу жүзөгө ашырылат.
5. Реестр курулуш объекттерин, курулуш объектине кардарлардын каражаттарын тарткан куруучуларды (заказчыларды) эсепке алуу, ошондой эле курулуш объекттеринде турак же турак эмес аянтты кепилдүү менчикке сатып алуу максатында заказчыга (куруучуга) акча каражаттарын төлөгөн кардарлардын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуунун алдын алуу максатында жүргүзүлөт.
Реестр ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жайгаштырылат.
6. Реестрде курулуш объекттери жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:
1) курулуш объектинин предметтери жайгашкан курулуш объекттери жөнүндө маалыматтар (көп батирлүү үйлөрдүн жана (же) кыймылсыз мүлктүн башка объекттеринин, турак жана турак эмес жайлардын саны, инженердик, жол-транспорт жана социалдык инфраструктура объекттери, ошондой эле курулуш объектинин долбоору боюнча көмөкчү объекттер);
2) заказчы (куруучу), башкы подрядчы жөнүндө маалыматтар, анын ичинде уюмду каттоо жөнүндө күбөлүк, курулуш ишин жүргүзүүгө берилген лицензия жана башка документтер, курулуш объектине мамлекеттик экспертизанын оң корутундусу, заказчынын (куруучунун) директорун дайындоо жөнүндө чечим, курулуш объекти эксплуатацияга берилгенге чейин кардарлардан келип түшкөн каражаттарды максаттуу пайдалануу үчүн жооптуу уюмдун жетекчилеринин жана кызмат адамдарынын (экиден кем эмес) ичинен компетенттүү адамдардын тизмеси;
3) курулуш иштерин жүргүзүү графиги, анын ичинде курулуш объектин эксплуатацияга берүү мөөнөтү;
4) көйгөйлүү курулуш объекттери жөнүндө маалыматтар.
7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Реестрдин маалыматтарын дайыма жаңылап турууну жана ачык жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.
8. Заказчы (куруучу) Реестрге ар бир курулуш объекти боюнча өзүнчө киргизилүүгө тийиш. Курулуш аяктагандан кийин жана курулуш объекти эксплуатацияга берилгенге кийин ыйгарым укуктуу орган беш жумуш күндүн ичинде Реестрден бул курулуш объекти жөнүндө бардык маалыматты алып салууга тийиш.
9. Курулуш объекти жөнүндө маалыматты Реестрге киргизүү үчүн заказчы (куруучу) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтердин сканерленген версиясын берет:
1) заказчы (куруучу) бир эле юридикалык жак же жеке ишкер болгон учурларды кошпогондо, заказчы (куруучу) тарабынан башкы подрядчы менен түзүлгөн Башкы подряд келишиминин көчүрмөсү;
2) максаттуу багытын көрсөтүү менен жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү жана укук белгилөөчү документтердин, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды жана алар менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо органдарында катталган, белгилүү бир жер участогунда (жөнөкөй шериктештик, үлүштүк катышуу ж.б.) куруучуга объектти курууну ишке ашырууга уруксат берүүчү бүтүмдөрдүн, келишимдердин, документтердин башка формаларынын көчүрмөлөрү;
3) ушул Жобонун 29-пунктуна ылайык курулуш объектинин курулуш иштеринин бүткүл комплексинин сметалык наркын кошуп алганда курулуш объектинин долбоору жөнүндө маалыматтар;
4) заказчыларды (куруучуларды) финансылык камсыз кылуу;
5) заказчыга (куруучуга) объекттин курулушун жүргүзүүгө уруксат берген документтердин көчүрмөлөрү;
6) объекттин курулушуна техникалык жана автордук көзөмөл жүргүзүүгө келишимдердин, ошондой эле курулуш чөйрөсүндөгү контролдоо боюнча тиешелүү аймактык инспекция менен курулуш-монтаждоо иштерин аткаруу процессинде мамлекеттик контролду жүзөгө ашырууга келишимдердин көчүрмөлөрү;
7) башкы подрядчынын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгү жана лицензиясы жана курулуш объектин куруу укугу жөнүндө башка уруксат берүүчү документтери;
8) заказчынын (куруучунун) ички документтери менен бекитилген заказчынын (куруучунун) расмий веб-сайтынын электрондук дареги;
9) заказчы (куруучу) тарабынан кардарлар менен түзүлүүгө тийиш болгон келишимдердин үлгүлөрү. Түзүлгөн келишимдин укуктук ченемдери өзгөргөн сайын заказчы (куруучу) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр менен келишимдин үлгүсүн жана маалыматты жазуу жүзүндө берет.
10. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган заказчы (куруучу) берген документтерди үч жумуш күндүн ичинде карайт жана ушул Жобонун 9-пунктунда каралган документтердин толук пакети берилген учурда аны Реестрге киргизет.
11. Ушул Жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтар жана документтер толук берилбеген же алар чындыкка дал келбеген учурларда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган заказчынын (куруучунун) курулуш объектин Реестрге киргизүүдөн баш тартат.
12. Заказчы (куруучу) курулуш объектин Реестрге киргизүүдөн баш тарткан учурда үч жумуш күндүн ичинде ага баш тартуунун себебин көрсөтүү менен жооп кат жиберилет. Реестрге киргизүүдөн баш тартуунун себептери жоюлгандан кийин заказчы (куруучу) кайталап кайрылууга укуктуу.
13. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери тарабынан заказчынын (куруучунун) курулуш объектин Реестрге киргизүү тартиби бузулганда же тоскоолдук болгондо кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
14. Курулуш объекти Реестрге киргизилбеген заказчыга (куруучуга) бул курулуш объектин жарнамалоого, кардарлар менен жарандык укуктук бүтүмдөрдү жүргүзүүгө жана ушул курулуш объекти боюнча кардарлардын финансылык каражаттарын тартууга тыюу салынат.
15. Ушул Жобонун 14-пункту бузулган учурда тиешелүү материалдар белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан он жумуш күндүн ичинде укук коргоо органдарына жиберилет.
16. Курулуш объекти төмөнкүдөй учурларда көйгөйлүү деп таанылат:
1) Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, шаар курууда архитектурада жана курулушта колдонуудагы ченемдердин жана эрежелердин талаптары бузулганда;
2) курулуш объекти тогуз айдан ашык мөөнөткө артта калганда;
3) курулуш объектин эксплуатацияга берүү тогуз айдан ашык мөөнөткө кечиктирилгенде;
4) курулуш объектине кардарлардын каражаттарын тартуучу заказчы (куруучу) банкрот деп жарыяланганда;
5) заказчы (куруучу) тарабынан ушул Жободо белгиленген заказчынын (куруучунун) финансылык отчеттуулугуна жана финансылык камсыз кылуусуна карата талаптар бөлүгүндө белгиленген талаптар бузулганда.
17. Курулуш графигинен алты айдан ашык артта калууда же эксплуатацияга берүү кечиктирилгенде заказчы (куруучу) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ишке киргизүүнүн артта калышынын же кечиктирилишинин себептери жөнүндө тиешелүү түшүндүрүүчү документтерди берүүгө милдеттүү.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берилген документтерди карап чыгып, эксплуатацияга берүүнүн артта калышынын же кечиктирилишинин себептерин белгилейт жана заказчыга (куруучуга) эскертүү жиберет жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык форс-мажордук жагдайлар деп эсептелген кырдаалдардан тышкары милдеттенмелерди аткаруунун кечиктирилишинин себептерин оңдоо үчүн үч айлык мөөнөттү аныктайт.
18. Заказчы (куруучу) тарабынан ушул Жобонун 17-пунктуна ылайык артта калуунун же эксплуатацияга берүүнүн кечиктирилишинин себептери жоюлбаган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган курулуш объектин көйгөйлүү объект катары аныктайт, бул жөнүндө Реестрге маалымат киргизилет.
19. Реестрге киргизилген көйгөйлүү курулуш объекти жөнүндө материалдар ушул Жобонун 18-пунктуна ылайык белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тиешелүү укук коргоо органдарына жиберилет.
3-глава. Келишимдерди каттоо тартиби
20. Заказчы (куруучу) аны жана курулуш объектин Реестрге киргизгенден кийин акча каражаттарын тартуу үчүн кардарлар менен келишим түзүүгө укуктуу.
21. Келишим жазуу жүзүндө түзүлөт, кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
22. Келишимдер төмөнкүдөй маанилүү шарттарды камтууга тийиш:
1) курулуштун өзгөчөлүктөрүн, аянтын, курулуш объектинин предметинин мүнөздөмөлөрүн жана жасалгалоо иштеринин толук же жарым-жартылай аткарылышы жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен курулууга жана кардарга курулуш объектисинин конкреттүү предметин өткөрүп берүүгө тийиш болгон (турак же турак эмес жайдын дареги, номери) курулуш долбооруна ылайык курулуш объекти жөнүндө маалыматтар;
2) банктын реквизиттери жана заказчынын (куруучунун) банк эсебинин номери;
3) келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү;
4) курулуш объектинин предметинин наркы;
5) кардар тарабынан заказчынын (куруучунун) банктык эсебине акча каражаттарын которуу же накталай акча каражаттарын төгүү өлчөмү, графиги;
6) курулуш объектин эксплуатациялоонун кепилдик мөөнөтү;
7) тараптардын укуктары жана милдеттери;
8) келишимдин шарттарын өзгөртүү тартиби;
9) курулуш объектинин предметин кабыл алуу-өткөрүп берүү тартиби;
10) курулуш объектин эксплуатацияга берүү мөөнөтү;
11) сапаты келишимдин шарттарына, ченемдик техникалык документтердин, курулуш объектинин долбоорунун жана башка документтердин талаптарына ылайык келген курулуш объектинин предметине менчик укугун кардарларга берүүгө заказчынын (куруучунун) милдеттенмеси;
12) келишимде белгиленген аткаруу мөөнөтү аяктаганга чейин келишимди бузуунун негиздери;
13) келишимде белгиленген аткаруу мөөнөтү аяктаганга чейин милдеттенмелер аткарылбаган же келишим бузулган (тараптардын бири келишимди аткаруудан баш тарткан) учурда кардарларга акча каражаттарын кайтарып берүү тартиби;
14) келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн тараптардын жоопкерчилиги;
15) форс-мажордук жагдайлар.
Тараптардын каалоосу боюнча келишимге Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына ылайык келген башка кошумча шарттар киргизилиши мүмкүн.
23. Курулуш объектине кардарлардын каражаттарын тартуу менен байланышкан көп батирлүү үйлөрдү же кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин куруу мезгили келишимде же ушул Жободо каралгандан башка учурларда курулуш иштерин жүргүзүү графигине ылайык келүүгө тийиш.
24. Кардарларды курулуш объекттери, келишимдерде көрсөтүлгөн шарттар, акы төлөөнүн тартиби жана башка маалыматтар менен тааныштыруу үчүн заказчы (куруучу) тарабынан сатуу кеңсеси уюштурулат.
Сатуу кеңсесинде курулуш объекттеринин эскиздик чиймелери жана кичирейтилген макеттери, келишимдерде көрсөтүлгөндөргө ылайык сунушталган курулуш объекттеринин предметтеринин чиймелери, ошондой эле орнотулуучу техникалык жабдуулар жана сырткы аймактын абалы менен таанышуу үчүн шарттар түзүлөт.
Курулуш объектинде заказчы (куруучу) жөнүндө маалымат (заказчынын (куруучунун) юридикалык аталышы, сатуу кеңсесинин дареги, телефондору) жайгаштырылышы керек. Курулуш объекттери жөнүндө маалымат ошондой эле заказчынын (куруучунун) сайтында жайгаштырылууга тийиш.
4-глава. Заказчы (куруучу) тарабынан курулуш объектине кардарлардын каражаттарын пайдалануу тартиби
25. Курулуш объектине кардарлардын финансылык каражаттарын тартуу Реестрге киргизилген заказчы (куруучу) тарабынан гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
26. Кардар (куруучу) реестрге катталгандан кийин кардар (куруучу) кардарлардан төлөмдү өзүнүн банктык эсебине кабыл алууга тийиш. Кардардын курулуш объектинин предмети үчүн заказчыга (куруучуга) төлөмү заказчынын (куруучунун) банктык алыш-бериш эсебине накталай акча каражаттарын которуу жана/же төгүү аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
27. Заказчы (куруучу) жана курулуш объекти Реестрде катталгандан кийин жана бул курулуш объекти эксплуатацияга киргизилгенге чейин курулуш объектинин предмети үчүн заказчы (куруучу) тарабынан алынган акча каражаттары төмөнкүлөр үчүн дароо пайдаланылышы мүмкүн:
1) курулуш объектинин долбооруна ылайык бул объекттин курулушун каржылоого;
2) ушул курулуш объекти боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайда болгон көлөмдөрдө жана мөөнөттөрдө заказчынын (куруучунун) салыктык, камсыздандыруу жана башка милдеттенмелерин төлөөгө.
28. Курулуш объекти боюнча заказчы (куруучу) тарабынан кардарлардан алынган, курулушту аяктоо үчүн зарыл болгон суммадан ашкан акча каражаттары ушул Жобонун 29-пунктунун талаптарын эске алуу менен объекттин курулуш этабына карабастан заказчы (куруучу) тарабынан башка финансылык-чарбалык максаттарга пайдаланылышы мүмкүн.
29. Заказчы (куруучу) курулушту аяктоо жана курулуш объектин эксплуатацияга берүү үчүн зарыл болгон курулуш иштеринин бүткүл комплексинин сметалык наркын (курулуш-монтаждоо иштеринин, материалдардын, жабдуулардын ж.б. наркы) ушул курулуш объектинин долбооруна ылайык мындай сметаны түзгөн датага карата бааларда аныктайт.
30. Ушул Жобонун 29-пунктуна ылайык акча каражаттарынын эсептелген суммасы заказчы (куруучу) тарабынан курулушту аяктоого жана курулуш объектин эксплуатацияга берүүгө гана пайдаланылууга тийиш.
5-глава. Курулуш объекттерин курууну контролдоо
31. Заказчы (куруучу) курулуш объектин эксплуатацияга бергенге чейин ар бир курулуш объекти боюнча уюмдун жетекчилеринин жана кызмат адамдарынын ичинен кардарлардан түшкөн каражаттарды максаттуу пайдалануу үчүн жооптуу болгон компетенттүү адамдар (экиден кем эмес) дайындалат.
32. Курулуш объекттерин курууну контролдоо курулуш чөйрөсүндөгү техникалык регламенттердин талаптарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
33. Ушул Жобонун 16-пунктуна ылайык курулуш объекти көйгөйлүү деп таанылган учурда кардар заказчыдан (куруучудан), ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан маалыматты жазуу жүзүндө берүүнү талап кылууга укуктуу.
34. Ушул Жобонун 16-пунктуна ылайык курулуш объекти көйгөйлүү деп таанылган учурда кардар заказчыдан (куруучудан), ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан курулуш объекти жөнүндө тиешелүү маалыматты жазуу жүзүндө берүүнү талап кылууга укуктуу.
6-глава. Курулуш объектин эксплуатацияга берүү тартиби
35. Курулуш объекти долбоордо каралган курулуш-монтаждоо жана көрктөндүрүү иштери аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эксплуатацияга берилет.
36. Курулуш объектинин предметине кардардын менчик укугун мамлекеттик каттоо кыймылсыз мүлккө укуктарды жана алар менен болгон бүтүмдөрдү каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
7-глава. Заказчынын (куруучунун) финансылык отчеттуулугуна карата талаптар
37. Заказчы (куруучу) өзүнүн финансылык-чарбалык ишин Кыргыз Республикасынын жарандык, бухгалтердик, банктык мыйзамдарына, ушул Жобого жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырат.
38. Курулуш объектине кардарлардын каражаттарын тартуучу заказчы (куруучу) Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын (мындан ары - ФОЭС) негизинде өз ишинин финансылык отчетун милдеттүү түрдө жүзөгө ашырат.
39. Заказчы (куруучу) ушул Жобонун 38-пунктуна ылайык төмөнкүлөрдөн турган ар кварталдык финансылык отчеттуулукту түзөт:
1) мезгил аяктаган күнгө карата финансылык абал жөнүндө отчет;
2) мезгил ичиндеги пайда же чыгым жана башка жыйынды киреше жөнүндө отчет;
3) мезгил ичиндеги өздүк капиталдын өзгөрүүлөрү жөнүндө отчет (юридикалык жактар үчүн гана);
4) мезгил ичинде акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет.
40. Куруучулар (заказчылар) расмий веб-сайттагы отчеттук квартал аяктагандан кийин отуз жумуш күндүн ичинде Реестрге киргизилген кварталдык финансылык отчетту өздөрүнүн расмий веб-сайттарында жарыялайт.
41. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган заказчылар (куруучулар) тарабынан ушул Жобонун 39-пунктунда көрсөтүлгөн талаптардын аткарылышына мониторинг жүргүзөт.
8-глава. Заказчыны (куруучуну) финансылык камсыз кылууга карата талаптар
42. Реестрге киргизилгенге чейин:
1) юридикалык жак өзүнүн уставдык капиталын ушул Жобонун 43-46-пункттарынын шарттарына ылайык өлчөмдө өзгөртүү (зарыл болгон учурда) менен заказчыны (куруучуну) финансылык камсыз кылууну түзөт;
2) жеке ишкер ушул Жобонун 43-46-пункттарынын шарттарына ылайык өзүнүн банктык алыш-бериш эсебине акча каражаттарын салуу менен заказчыны (куруучуну) финансылык камсыз кылууну түзөт.
Заказчы (куруучу) өзүнүн финансылык камсыз кылуусун курулуш объектин курууга пайдаланууга укуктуу.
43. Ушул Жобонун 42-пунктуна ылайык түзүлгөн заказчыны (куруучуну) финансылык камсыз кылуунун өлчөмү бардык курулуш объекттери эксплуатацияга берилгенге чейин азайтылышы мүмкүн эмес.
44. Заказчыны (куруучуну) финансылык камсыз кылуунун өлчөмү бир заказчынын (куруучунун) бардык курулуш объекттери боюнча бардык долбоордук жалпы аянттардын суммасына жараша аныкталат.
45. Эгерде бир заказчынын (куруучунун) бардык курулуш объекттери боюнча долбоордук жалпы аянттардын суммасы төмөнкүлөрдү түзсө:
1) 2500 квадрат метрге чейин болсо, анда юридикалык жактар үчүн түзүлгөн уставдык капиталдын же жеке ишкерлердин ырасталган акча каражаттарынын өлчөмү 20000000 сомдон кем болбоого тийиш;
2) 2500дөн 5000 квадрат метрге чейин болсо, анда юридикалык жактар же жеке ишкерлердин ырасталган акча каражаттары үчүн түзүлгөн уставдык капиталдын өлчөмү 35000000 сомдон кем болбоого тийиш;
3) 5000ден 10000 квадрат метрге чейин болсо, анда юридикалык жактар үчүн түзүлгөн уставдык капиталдын же жеке ишкерлердин ырасталган акча каражаттарынын өлчөмү 55000000 сомдон кем болбоого тийиш;
4) 10000ден 15000 квадрат метрге чейин болсо, анда юридикалык жактар же жеке ишкерлердин ырасталган акча каражаттары үчүн түзүлгөн уставдык капиталдын өлчөмү 85000000 сомдон кем болбоого тийиш;
5) 15000 квадрат метрден ашык болсо, анда юридикалык жактар үчүн түзүлгөн уставдык капиталдын же жеке ишкерлердин ырасталган акча каражаттарынын өлчөмү 100000000 сомдон кем болбоого тийиш.
(Мисалы: Бардык курулуш объекттери боюнча долбоордук жалпы аянттардын суммасы (Пжалпы) төмөнкү мисалга ылайык эсептелет:
1000 сом уставдык капиталы бар заказчы (куруучу) - "А" ЖЧКсы (мындан ары - компания) бир эле учурда үч кыймылсыз мүлк объектин курууну пландаштырууда.
№ 1 (П1) курулуш объектинин долбоордук жалпы аянты 12000 квадрат метрди түзөт.
№ 2 (П2) курулуш объектинин долбоордук жалпы аянты 7000 квадрат метрди түзөт.
№ 3 (П3) курулуш объектинин долбоордук жалпы аянты 8000 квадрат метрди түзөт.
Бардык курулуш объекттери боюнча долбоордук жалпы аянттардын суммасы төмөнкү формула боюнча кошуу жолу менен эсептелет:
Пжалпы = П1+ П2+П3
Пжалпы = 12000 кв.м + 7000 кв.м + 8000 кв.м = 27000 кв.м.
Компаниянын бардык курулуш объекттеринин долбоордук жалпы аянттарынын суммасы 27000 квадрат метрди түзөт. Ушул Жобонун 42, 44, 45-пункттарына ылайык компания ушул курулуш объектин Реестрге киргизүү үчүн өзүнүн уставдык капиталын 100000000 сомдон кем эмес өлчөмгө чейин көбөйтүүгө тийиш.
46. Эгерде курулуш объекти боюнча эки же андан көп заказчы (куруучулар) болсо, анда курулуш объекти боюнча заказчыларды (куруучуларды) финансылык камсыз кылуунун өлчөмү жетиштүү каражаттар болгондо бир заказчы (куруучу) тарабынан же заказчылардын (куруучулардын) жалпы нотариалдык күбөлөндүрүлгөн жазуу жүзүндөгү чечими боюнча юридикалык жактардын бир нече уставдык капиталдарынын же жеке ишкерлердин акча каражаттарынын жыйындысынан түзүлүшү мүмкүн.
(Мисалы: Жөнөкөй шериктештик келишими боюнча эки курулуш объектин курууда бардык курулуш объекттери (Пжалпы) боюнча долбоордук жалпы аянттардын суммасы төмөнкү мисалга ылайык эсептелет:
Заказчылар (куруучулар): түзүлгөн уставдык капиталынын өлчөмү 1000 сом болгон - "А" ЖЧКсы (мындан ары - № 1 компания); түзүлгөн уставдык капиталынын өлчөмү 1000 сом болгон "Б" ЖЧКсы (мындан ары - № 2 компания); "В" ЖИ (мындан ары - № 3 компания) бир эле учурда эки кыймылсыз мүлк объектин курууну пландаштырууда.
№ 1 (П1) курулуш объектинин долбоордук жалпы аянты 12000 квадрат метрди түзөт.
№ 2 (П2) курулуш объектинин долбоордук жалпы аянты 7000 квадрат метрди түзөт.
Бардык курулуш объекттери боюнча долбоордук жалпы аянттардын суммасы төмөнкү формула боюнча кошуу жолу менен эсептелет:
Пжалпы = П1 + П2
Пжалпы = 12000 кв.м + 7000 кв.м = 19000 кв.м.
Бардык курулуш объекттери боюнча долбоордук жалпы аянттардын суммасы 19000 квадрат метрди түзөт. Ушул Жобонун 42, 44-46-пункттарына ылайык № 1 компания, № 2 компания уставдык капиталды көбөйтүүгө, түзүүгө тийиш жана № 3 компания өз банктык эсебине акча каражаттарын 42, 44-46-пункттарга ылайык заказчыларды (куруучуларды) финансылык камсыз кылуу өлчөмүнө чейин бардык компаниялар боюнча жалпысынан 100000000 сомдон кем эмес өлчөмдө салууга тийиш.
Бул Жобонун 46-пунктуна ылайык № 1 компания, № 2 компания, № 3 компания биргелешип № 1 компания өзүнүн уставдык капиталын 100000000 сом өлчөмүнө чейин өз алдынча түзөт деп чечишкен, бул эки курулуш объектин Реестрге киргизүү үчүн жетиштүү шарт болот жана бул Жобонун талаптарына каршы келбейт.).
47. Заказчы (куруучу) тарабынан объектти курууда эки же андан көп адам милдеттүү түрдө жалпы иштерди жана финансылык эсепти жүргүзүү үчүн жооптуу адамды аныктайт, ал эми калган субъекттер түзүлгөн келишимге ылайык объектти курууга жарандык мыйзамдарда аныкталган укукта, биргелешкен иш жөнүндө келишимде катышат жана курулуш объектине тиешелүү бардык курулуш жана финансылык документтер менен таанышууга укуктуу. Бул укуктан баш тартууга же аны башкалардын жооптуу адамы тарабынан чектөөгө жол берилбейт.
9-глава. Заказчыны (куруучуну) корпоративдик башкаруу
48. Реестрде турган заказчы (куруучу) үчүн корпоративдик башкарууну киргизүү 15000 квадрат метрден ашык объектти курууда белгиленет.
49. Заказчы (куруучу) курулуш уюмунун жетекчилеринин же кызмат адамдарынын ичинен компетенттүү адамдарды (экиден кем эмес адам) дайындоо жолу менен корпоративдик башкарууну ишке ашырууга милдеттүү, алардын функциялык милдеттерине ушул Жобонун алкагында кардарлардан келип түшкөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоо кирет.
10-глава. Корутунду жоболор
50. Келишимдерден келип чыккан талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.