БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) 8-сессиясы
2022-жылдын 22-январы №8-4
Бел айыл аймагындагы кожолуктарга жер салыгынан жеңилдик берүү жөнүндө
Жер салыгынан жеңилдик алуучу атуулдардын тизмелери менен таанышып жана талкуулап Бел айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) 8-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Бел айыл өкмөтүнүн чарбалык китебине катталган кожолуктун саны 2284 кожолук, анын ичинен:
-пенсионерлер - 604 кожолук, жери 90,4 га суммасы 90,4 миң сом - көп балалуулар - 148 кожолук, жери 17,6 га суммасы 17,6 миң сом - афган, эмгек майыптары -77кожолук, жери 9,8га, суммасы 9,8 миң сом.
- жогорудагы кожолуктарга жер салыгынан, көп жылдан бери айылда жашабаган жана үй салбаган 628 кожолуктарга өз ара жыйымдарынан бошотууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бел айылдык кеңешинин “бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. М. Ураимов |