АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясынын
2023-жылдын 5-октябры № 76
“Ак-Жар айыл өкмөтүндөгү социалдык мекемелерди оңдоп түзөө жана шарт түзүү жөнүндө”
Ак-Жар айылдык кеңеши Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Большевик айылындагы №38 “С.Эшматов атындагы орто мектебинин” эски имаратын капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөүү, от казан жана ажааткана куруу талапка ылайыктуу жасап берүү боюнча Мектеп директору Ж.Дадабаеванын сунуштарын талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылындагы №38 С.Эшматов атындагы орто мектебинин эски имаратын капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөүү, от казан жана ажааткана куруу үчүн “Ош облустук өнүктүрүү фондуна” долбоор жазып сунуштоого макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, аткарууга алуу айыл өкмөт башчысы К.Максутовго жүктөлсүн.
Төрага |
| Турдали уулу К. |