АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясынын
2023-жылдын 5-октябры № 78
«Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнундө”
Ак-Жар айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сыйлыктар жана ардактуу наамдарга көрсөтүү жөнүндө” мыйзамына ылайык, айыл өкмөтүнүн алдыңкы адамдарына урмат- сый көрсөтүү, даңктоо иштерин жүргузүүнү планына киргизген. Ушул максатта Ак-Жар айылдык кеңешинин төрагасынын сунушун угуп талкуулап
Токтом кылат
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык- экономикалык жактан өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Какыр айылынын тургуну Шерматов Бектурсун Кудайбердиевичке Ак- Жар айыл өкмөтүнүн“Ардактуу атуулу” наамын берүү сунушу бекитилсин.
2. “Шерматов Бектурсун Кудайбердиевич Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу”деп аталсын.
3. Какыр айылынын тургуну Шерматов Бектурсун Кудайбердиевичке Ак-Жар айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” деген эстелик белги тапшырылсын.
4. Токтомду аткарууга алуу жагы,Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага |
| Турдали уулу К. |