АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясынын
2023-жылдын 5-октябры № 79
“Ак-Жар айыл өкмөтүндөгү социалдык мекемелерди ондоп түзөө жана шарт түзүү жөнүндө”
Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Семиз-Көл айылынын жашоочуларына, окуучулардын мектепке баруусуна ыңгайлуу шарт түзүү максатында ички көчөлөрүнө шагыл төгүү үчүн Өзгөн райондук өнүктүрүү фондуна киргизүү жөнүндөгү айыл башчы Т.Бубаевтин сунушун угуп, талкуулап чыгып КРнын бюджеттик кодексине ылайык, Ак-Жар айылдык кеӊешинин кезектеги 13-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Семиз-Көл айылынын жашоочуларына, окуучулардын мектепке баруусуна ыңгайлуу шарт түзүү максатында ички көчөлөрүнө шагыл төгүү Т.Бубаевтин сунушу колдоого алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, аткарууга алуу айыл өкмөт башчысы К.Максутовго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финансы бюджеттик салык экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн.
Төрага |
| Турдали уулу К. |