Редакцияот 13.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жар айылдык кенешинин 7- чакырылышынын кезектеги 23 - сессиясы 

 

2023-жылдын 4-октябры № 23-3

Элдик Курултайга Көк-Жар  айыл аймагынан делегаттарды шайлоо боюнча чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин  2023-жылдын 29-августундагы №215  “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгына негиз, Көк-Жар айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү максатында Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Көк-Жар айыл аймагында  Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү жыйыны Көк-Жар маданият үйүндө 2023-жылдын 26-ноябрь күнү саат 12:00дө өткөрүлсүн.

2. Көк-Жар айыл аймагынан   Жергиликтүү жыйынга  айылдын жашоочуларынын санына жараша делегаттардын нормасы 150 (жүз элүү) болуп бекитилсин. (1-тиркеме)

3. Жергиликтүү жыйынга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын чогулуштарын жана жыйындарын өткөрүү графиги  тиркемеге ылайык бекитилсин. (2-тиркеме)

4. Жергиликтүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин. (3-тиркеме)

5. Чогулуштарды жана жыйындарды, айылдын чогулуш өткөрүлүп жаткан аймагында өткөрүүгө  жооптуу болуп тиркемеге ылайык Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаттары жана айыл башчылары  бекитилсин. (4-тиркеме)

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, саламаттык сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Р.Арапов